Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коомчулукта Жеңиш Жоробековдун аброю бийик экен

Коомчулукта Жеңиш Жоробековдун аброю бийик экен

07-ноябрь, 20:40
1 880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оомал-төкмөл жашоодо баары убактылуу да. “Кечээги бар бүгүн жок, ушундай экен дүйнө бок” деп Манаста айтылгандай, ар бир нерсени убагында таразалоо маанилүү. Мансап, байлык колдун кири, а андан да бийик эмне бар? Кеп мына ушунда...

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинен Жеңиш Жоробековдун кызматтан алынганы боюнча кабар желдей тарады. Талкууга “жем” ташталды. Ошол эле соцтармактардагы ой-пикирлердин, комментарийлердин 90 пайыздан ашууну Жеңиш Жоробековду колдоп жазышып, ага ийгиликтерди каалап жатышты. Негизинен каарманыбыздын адамгерчилигин, профессионалдуулугун, кыйын кадр экенин баса белгилешип, алкоого алышып, жүздөгөн, миңдеген жылуу пикирлер жамгырдай жаады. Эң башкысы, коомчулукта Жеңиш Жоробековдун кадыр-баркы бийик экенине көзүбүз жетти. Ал эми кызматтан кетүүсүнүн кандай ой-кырлары, көмүскөдөгү интригалары боюнча бизде маалымат жок. Андыктан, себептерин толук кандуу чечмелей албайбыз. Мезгил мерчемине жараша ачыкталса керек...

Айтмакчы, мындай болорун билгенде Жеңиш Жоробеков эки ай мурда эле кызматынан кетип, Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкерлигин койсо, төп келишмек тура. Шайлоочулары дуулдап колдоп, мандат алып, элге кызмат кылуунун үлгүсүн жаратмак эй! Эми да кеч эмес. Ишбилги кадр жерде калбастыр. Бул жагынан маселе жаралбаса керек. 

Баса, дагы бир жолу кайталап коёлу, ириде Жеңиш мырза элдин сүймөнчүгүнө, колдоосуна арзып аткан көрсөткүчтүн өзү өтө баалуу! Баардык эле аткаминерлер мындай урмат-сый менен кызматтан кете беришпейт эмеспи. Бул чоң бакыт! Өмүр бою жыйнаган аброюна ченебеген баа!   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер