Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Түндүк Кореянын жолу менен баратабыз”
-- Эгерде Акаевге экс-президент макамы берилгенде, Бакиевге да жол ачылат беле?
--Аскар Акавге экс-президенттик макамын берүү маселеси негизи эле көтөрүлбөшү керек. Бу сапар депутаттар туура чечим кабыл алышты. Ансыз деле Түндүк Корея мамлекетинин жолу менен бара жатабыз. Өнүккөн мамлекеттерде 47-жылдан берки президенттеринин баардыгы камалган, кылмыш иши козголгон, качкан, өздөрүн асып алган жол менен келе жатат. Жыйынтыгында, тазаланып отуруп, Түштүк Корея эң өнүккөн мамлекетке айланды. Жанындагы Түндүк Корея дүйнөдө эң артта калган кедей, элдери ачка калган мамлекет бойдон калды.
Акаев жазасын алып, Кыргызстанга үй-бүлөсү менен кирбеши керек, бул жактагы туугандарынын мал-мүлкү дагы толугу менен конфискация кылынып, мамлекетке алынышы абзел. Себеби, Акаевдин тагдыры бүгүнкү жана эртеңки президентке да сабак болушу шарт. Ошондуктан Акаев, Бакиев, андан башкасы болобу, мамлекетке чыккынчылык кылып, бийликти узурпацияласа, өз элин атып, ыксыз байыса, баары жоопко тартылып, түрмөгө камалышы зарыл. Же мамлекеттен куулушу керек. Ошондой катуу чаралар көрүлгөндө гана Кыргыз мамлекети өнүгүү жолуна түшөт.
"Азия Ньюс" гезити