Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алыкул Осмоновдун поэзияда жасаган эстетикалык секириги

Алыкул Осмоновдун поэзияда жасаган эстетикалык секириги

21-октябрь, 14:33
1 812 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Биринчи макала)

Көркөм сөз өнөрүндө чыгарма мазмун менен форманын органикалык биримдигинен турат. Бир барак кагаздын эки бети бар. Анын эки бетин бири-биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Кагаз бирөө. Көркөм чыгарманын мазмуну менен формасы да ошондой. Лев Толстой “Анна Каренинанын” мазмунун айтып бериш үчүн мен романдын биринчи сүйлөмүнөн тартып акыркы сүйлөмүнө чейин баштан аяк кайрадан окуп беришим керек” деп бекеринен айткан эмес. Ошондой эле, ырдын мазмунун айтып берсең, формасы калып калат. Ошондуктан ырды окуш гана керек. Бирок да мазмун менен форманын жуурулушкан биримдиги адабиятта оңой менен ишке аша койбойт. Тарыхый көз караш менен караганда, маселен, Европа адабияты мазмун менен форманын гармониясын ишке ашырган профессионалдык реалисттик поэзияга кылымдарды басып отуруп келген. Антикалык эпикалык акын Гомер менен Гете, Гейненин ортосунда доорлор аралыгы жатат. Ал эми мобу кереметти көр. Кыргызстанда (XIX кылымда Ала-Тоого экспедицияга келген манас таануучу Василий Радловдун “Кыргыздар бүтүн байыркы грек доорундагыдай эпикалык доордо жашап турат” деген сөзүн эстейли) илгерки эпикалык акын, кыргыздын гомери – Саякбай Каралаев реалист акын, жазуучулар Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов менен бир мезгилде, атүгүл бир үйдүн квартираларында кошуна болуп жашап жатат. Мындай дүйнөдө жок керемет ак калпак кыргыздын тарыхый өнүгүүнүн феодалисттик, буржуазиялык-капиталисттик этаптарын аттап, илгерки көчмөндүк доордон дароо ХХ кылымдын цивилизациясына келип кошулгандыгынын натыйжасы.

Европанын адабиятынын алдында классикалык үлгүлөр турган эмес. Ал эволюциялык жол менен өнүгүп келген. Ал эми биздин жаңыдан төрөлгөн профессионалдык адабиятыбыздын алдында алдыңкы көркөм маданияттардын даяр реалисттик үлгүлөрү маяк сыяктуу жаркырап күйүп турду. Дал ушул дүйнөлүк адабияттын топтогон тажрыйбасы, мазмун менен форманы шайкеш чыгарган классикалык өрнөктөрү жаш кыргыз адабиятынын тездетилген өнүгүшүнүн (ускоренное развитие), анын ичинде мазмун менен форманын төп келишин кыска мөөнөттө биринчи болуп ишке ашырган Алыкул Осмоновдун көркөм-эстетикалык өнүгүшүнүн катализатору катары кызмат кылган. А.Осмоновдун феноменинин жалпы тарыхый-социологиялык таржымалы ушундай. “Алыкул Осмонов жеткен көркөм ой жүгүртүүнүн бийиктиги биздеги эң акыркы чек бойдон калып келет. Кыргыз поэзиясына Алыкул Осмонов кийирген жаңылык дүйнөлүк адабияттын акыркы жетишкендиктеринин кыргыз топурагында төрөлгөн перзентине окшоп кетет” (С.Эралиев). “Форма менен ой төп келген керемет ырлардын автору Алыкул” (Асанбек Стамов). “Жаңы тематика менен жаңы проблематиканы идеялык жана эстетикалык жактан өздөштүрүүнүн биримдиги табылып, көркөм чыгарманын формасы мазмунга шай келген учур жетти. Биринчи болуп мындай жаңы сапаттык-эстетикалык секирик жасоо таланттуу акын Алыкул Осмоновдун шыбагасына туш келди” (К.Даутов). “Ой жагынан да, көркөмдүк жагынан да төп келишкен таңкаларлыктай чебер жазылган, кыргыз поэзиясында шедевр болуп таанылган анын сонун ырлары, поэмалары Алыкулду Алыкул аттантып келатат” (П.Казыбаев).

Кыскасын айтканда, кыргыз адабиятында жеке адамдын баалуулугу, личность концепциясын тартуулап, өзүн ойчул-философ катары туйгузган Алыкул Осмонов ошол концепциясын жеке чыгармачылык практикасында кооз көркөм форма менен жүзөгө ашыра билген нукура художник экенин далилдеп берген.

Мазмун менен форманын гармониялуулугунун өңүтүнөн карап, акындын “Аялга” аттуу ырын окуп көрөлү.

Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп, 

Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп, 

Жанар тоодой жалын чачкан отуңан 

Чыккым келет жанып чыккан таш болуп.


Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,

Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып, 

Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып, 

Сүйгүм келет кээде өзүнө багынып.


Көпкөк асман жерге түшсө жарылып, 

Кыян жүрсө жердин үстү тарылып, 

Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай, 

Бир көз караш кубатыңды жамынып.

Бул ыр А.Осмоновдун махабат лирикасынын классикалык үлгүлөрүнүн бири. Ырда аялдын адамдык наркы тереңге катылган логика аркылуу ишараланып жатса да, биринчи иретте, аялзатынын теңир жараткан аялдык улуу күчү, эркекзатты эстен тандырган махабат сыйкыры даңазаланып жатат. Бу жарык дүйнөдө жашоого маңыз жана көрк берген бул ажайып жан кудуреттүү “сүйүү кудайы” катары поэтизацияланып отурат. Биз эркекзаттын жан түпкүрүнөн иррационалдуу түрдө булкунуп чыгып, аялзатына карата жалын болуп жалбырттаган кумарды, түпкү кыймылдаткыч күчтү жана ошону менен бирге эркектеги зайыпзатка болгон ызаатты, урматты, сыйды да туюп турабыз. Чын-чынына келгенде, аялсыз эркек жарты, эркексиз аял жарты. Кайсы бир акылман айткандай, аял менен эркек бириккенде гана толук адам келип чыгат. Эркек менен аял бири-бирине умтулган түбөлүктүү мажнундар. А.Осмоновдун “Аялга” ыры дал ушундай улуу сүйүү кумары-сезимдин падышасы жөнүндөгү жүрөктүн ыры. Ырдын мазмуну мына ушунда жатат.

Мына ушул мазмунду Алыкул Осмонов эстетикалык таасири күч көркөм ыкмалар жана каражаттар менен шөкөттөгөн. Биринчи куплеттеги “жаш кайыңдай мас болуп” деген көркөм метафора “жанар тоодой” деген гиперболаштырылган салыштыруу, “жанып чыккан таш болуп” деген өтмө маанидеги метонимия лирикалык каармандын махабат кумарынын ички кызыл алоосун өтө бир эмоционалдуу илеп менен образдуу да, эффективдүү да жеткирип жатат.  

Экинчи куплеттин башындагы “Миң мертебе жаңылып” деген поэтикалык курулма жана андан чыккан эң эле бир сырчыл интонация сүйүү үчүн тозок отуна түшүүгө даяр турган сезимди ого бетер күчөтүп көрсөтүүдө. Ал эми ушул эле куплеттин тутумундагы “багынтып”, “багынып” деген поэтикалык лексика уйкаштын милдетин аткаруу менен бирге, ошол эле учурда бири-бирине багынбаган эмес, бири-бирине багынган сүйүүнүн татыктуулугу жөнүндөгү философиялык подтексти ишаралап, окурмандын ой-сезимин байытып турат. Үчүнчү куплетте махабат ой-сезимдеринин динамикасы өзүнүн кульминациялык чокусуна чейин чыгып барды. “Көпкөк асман жерге” түшүп “жарылып”, “кыян” жүрүп, “жердин үстү тарылып” деген метафоралуу, ички чыңалууга бай поэтикалык синтаксиз аркылуу лирикалык каарман кыйын кырдаалга кептелип, тандоо дилленмасына туш болду. Поэтикалык шарттуулуктун мыйзамы менен түзүлгөн мындай алааматтуу кырдаалда “ал кыяндан өтөр элем кыйналбай, бир көз караш кубатыңды жамынып” деген саптар лирикалык каармандын махабат кумарынын жана эркинин кайра жанбас, кайра кайтпас күчүн демонстрациялап, ошону менен бирге кыяндын “аркы өйүзүндөгү “сүйүү кудайынын” сыйкырдуу тартуу күчүн асманга чыгара көкөлөтүп таштады.

Жыйынтыктап айтканда, маанилик жактан да, ритмикалык жактан да бири-бирине бап келген уйкаштар (“жаш болуп”, “мас болуп”, таш болуп ж.б.), саптардагы ички аллитерация, поэтикалык речтеги улам кайталанган рефрендер, музыкага жакын ыргакта курулган поэтикалык синтаксиз, метафоралуу сөз айкалыштары, ырааттуу өнүккөн ой-сезимдердин өзөгүнө тепчилген тыкан композиция, чын жүрөктөн чыккан сарчыл интонация, мына ушул баардык көркөм компоненттер чогулуп келип, гармониялуу бир ансанблди түзүп, “Аялга” ырынын мазмунга жарашкан көркөм формасын жараткан. Көркөм боёкторду жана каражаттарды тандоодо, сөздөрдү ылгоодо миңдин бирин алып, иргелген лексиканы поэтикалык речтин тутумундагы ордун таап, жан киргизип, маанилүү ой сезимдерди тейлетүүдө, образдуу метафоралар менен ыр токууда А.Осмоновдун өнөрү ашкан уста экендиги көрүнөт. Формасы мазмунуна төп келгенин көрүп, Салижан Жигитов акындын “Аялга” ыры жөнүндө: “Бул балким, улуттук пэзиядагы махабат темасына арналган ырлардын эң күчтүүсүдүр” деп бекеринен жазбаса керек. Бул ырга учурунда чыгаан сынчы Шаршенбек Үмөталиев да алакан чапкан. А.Осмоновдун “Аялга” ырынын окурманга тийгизчү таасири жөнүндө Ш.Үмөталиевдин 50-жылдарда эмне деп жазганын алдыңыздарга тартып өтөйүн: “Чыныгы таланттардын чыгармасын окуганда, анын оюна сен да ортоктош боло каласың. Акындын айтканына кошулбай коё албайсың. Кошулбай коюуга чара да жок. Акынга «бали» деп баш ийкөөдөн башка айла калбайт. Акын менен сенин оюң да, тилегиң да, сезимиң да бир жерден чыгат. Сенин айтайын дегениңди айтып бергенине, же сен айтмакчы болуп, бирок аны кантип, кандайча форма менен айтып берүүнү билбей жүргөн нерсеңди лирик акын көңүлгө каларлык көркөм сөздөр менен ачык жана даана кылып аңгемелеп бергенин көрүп алып, алакан чаап кыйкыргың келет. Чыныгы лирикада акын башынан өткөргөн нерсе өзүңдүн керт башыңдан өткөндөй сезилет, эгер андай нерсе турмушуңда мурда учурабаган болсо да, акындын ысык сезимин жарып чыккан ал саптар сенин жүрөгүңдүн терең жерине барып уялайт. Акындын жазганы, акындын лирикасы ар кимдин көңүлүнө төп келет да, аны окуган адам ошол тема жөнүндө мындан артык жазууга, мындан күчтүү жазууга мүмкүн да эмес деген ойдо калат. Бул сапат Алыкулга толук бойдон тийешелүү. Поэзия татынакай залкар ой, жалындаган ысык сезим жана талант кошулган жерден гана башталат. Бою бир карыш, ою миң карыш поэзиянын авторун айырмалап турган сапаттардын бири ушунда”. (Ш.Үмөталиев Алыкул Осмонов. - Фрунзе, 1958, 168-169-беттер).

“Аялга” ырындагы маркум Шаршенбек ага айткандай, “залкар ойдун, жалындаган ысык сезимдин жана таланттын” ширөөсүнөн бүткөн жогорку көркөмдүк касиет, мазмун менен форманын жуурулушкан керемети А.Осмоновдун классикага айланган лирикаларына жана поэмаларына мүнөздүү экендигин баса белгилемекчибиз. “Аялга” ырындай эле акындын “Грунья Савельевнага” аттуу ыры да көркөм шедеврлердин бири. Бул ыр менен да толук таанышалы:

Далай таттуу даам жедим колуңдан,

Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.                                                    

«Начар экен бат оңолсун бала» деп, 

Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.


Ырлар жаздым, кээде сызып, кээде оңдоп, 

Бала өстүргөн жаш атадай көңүлүм ток.

«Азгын экен, кантер экен бала» деп.

Сен үшкүрдүң күн кыскасын болжолдоп.


Март да жетти, апрель, май жакындап, 

Көктө турна, көлдө каздар каркылдап, 

Күнүң бүттү, кайтар мезгил болду деп, 

Кош ат келди үй жанына жакындап.


Мени акырын “аман бол” деп узаттың,

Көзүң карап өзүм минген боз аттын.

Колумду алып ылдый карай бергенде,

Мөлт-мөлт акты тоголонуп көз жашың.


Алыс кеттим, бармын, өлүү эмесмин,

Мен барбасмын, сен да мага келбессиң… 

Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың, 

Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.

Грунья Савельевна интернаттагы жетим балдарды эмчек сүтүн бербесе да, элик сүтүн берип баккан аял, ырдын оң каарманы. Бирок бул оң каарман адабиятта көнүмүш болгондой, алиги фольклордук-эпикалык же болбосо плакаттык ыкмалар менен түздөн-түз макталбайт да, даңкталбайт дагы. Акын басмырт, акырын гана элегиялык маанайда өзүнүн монологун айтып, реалисттик боёктор менен иштейт. Грунья апанын жүрүм-турумуна, өзүнө жасаган мамилесине, речине, психологиялык абалына басым коюп сүрөттөө (“начар экен бат оңолсун бала деп, шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан” ж.б.) аркылуу эле орус аялынын кең натурасын, асыл мүнөзүн, жетим баланы өз баласынан кем көрбөгөн мээримдүүлүгүн, жапакеч камкордугун, жандүйнө марттыгын, кайдыгер эмес адамдык сергектигин туюндуруп койгон. Коштошуп жатканда “мөлт-мөлт акты, тоголонуп көз жашы” деген сап поэтикалык текстин психологиялык кульминациясын түзүп, Грунья нанянын адамдык асыл жүрөгүн дагы бир ирет “жарк” эткизип көрсөтөт. Ырдын поэтикалык текстинде эпитет, салыштыруу, гипербола, метафора деген элементтер анча көрүнбөйт. Тек гана реалисттик боёкторго таянган монолог формасындагы стилистика орус аялынын пенде баласынын улуттук, этникалык таандыктуулугуна карабаган энелик, адамдык айкөл рухун ачып берген. Ырдын аягындагы “жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың, ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин” деген күтүлбөгөн жерден чыгып, оригиналдуу жаралган саптар тарбиялануучунун жакшылыкты унутпас, түбөлүк өчпөс адамдык бийик эстутумун демонстрациялайт. Мына ушинтип, акыныбыз өзүнүн биографиялык фактысынан эле жалпы адамзаттык гуманисттик маңызга эгедер поэтикалык чыгарманы жаратып таштаган. Реалисттик көркөм каражаттарга ориентация жасаган монологиялык форма көздөгөн мазмунду чын ыкластуу интонация менен ойдогудай ачып берүүгө шарт түзгөн. Шаңданган салтанаттуу пафосу жок лирикалык пландагы ыр болсо да “Грунья Савельевнага” чыгармасын тарбиячы эне жөнүндөгү ода деп атап койсо болор эле. Шаршенбек Үмөталиев айткандай, “мына буларды түшүнгөн адам көзүнө жаш албай туруп ырды окуй албайт”.

Көркөм сөз дүйнөсүндө жөнөкөй карапайым массанын табитин тейлеген ырлар болот. “Атка жеңил тайга чак” мындай ырлар поэзияда кадам сайын жолугат. Окурмандардын табити көбүнчө ошол массалык ырлардын таасиринде тарбияланат. Кеңири жайылган массалык порпулярдуу поэзиянын кучагында өскөн окурман Алыкул Осмоновдун ыр, поэмаларына келгенде, көзүн бакырайтып, кулагын делдейтип элейе калат. Алыкулдун ырлары демейдегидей эмес манерада, башкача, стили бөлөкчө, ойлоо образы, көркөм чагылтуу ыкмасы бөтөнчө. Поэтикалык речтин тутумунда ыр саптары жөнөкөй кеп тизмеги болуудан калып, сөздөр кубулуп, көркөм түргө өтүп, бири-бири менен кооздуктун мыйзамында айкашып, өтмө мааниге көчүп, өзгөчө бир сырды айтып, алакандагы каухар мончоктордой жалт-жулт тоголонуп, поэтикалуулуктун, образдуулуктун, метафоралуулуктун тилине айланып, окурмандын оюн тереңге жетелеп, кыялын алыска ала качып, бирде шаттантса, бирде санааркатып, тогуз толгонтуп турат. Алыкулдун “Майдын түнү” поэмасындагы мобу строфаны карачы: 

Урматтап жарга урунуп көл шарпылдайт,

Ак чабак айга атылып түн жаркылдайт.

Кайдадыр көз жетпеген тереңдикте,

Канатын көлгө ургулап, каз каркылдайт…

Табият көк менен көл ортосунда,

Өзүнчө селкинчек тээп, күлөт, ырдайт…

Капырай, бул эмне деген тирүү сүрөт, эмне деген ажайып пейзаж! Не деген тамшанткан поэзия, не деген романтика! Алыкулдун Ысык-Көлдү поэтикалык көрүүсүн, поэтикалык кабылдоосун карачы! Не деген керемет акын! Сүрөт дейин десең сүрөттөн да жогору, кино дейин десең кинодон да ашык! Табияттын көк менен көл ортосунда селкинчек тепкенин сүрөт менен кино бере алабы? Бере албаса керек. Муну поэзиянын керемет тили гана чагылдырат. Строфадагы сөздөрдүн кубулуп ойногонун көр. Өтмө мааниде туюнткан ак жаркын маанилерин, маанайларын карачы! Ал чабактын бир эки метрге өйдө секирбей, “айга атылып” жатышы не деген укмуш образ. “Айга атылып, түн жаркылдайт” деген метафора айтайын деген ойду, берейин деген майрамдык маанайды чегине чейин курчутуп берип жатпайбы! Ак чабактын ак боору ай нуруна чагылышкан көлдөгү түнкү романтиканы көрүп ал. Көлдүн ыраакы түпкү кыйырында канатын сууга чапкылап, каркылдаган каз кандайдыр бир кубанычты туюндурган символика сыяктуу. Ал эми ыр түрмөгүндөгү көк менен көл ортосунда селкинчек тепкен табияттын майрамын эмне дейбиз? Бул ойду күчөтүп берген метафора кайталангыс поэтикалык табылга, оригиналдуу образ. Бул Алыкул Осмоновдун жогоруда айтылгандай, өзгөчө көркөм ой жүгүртүү манерасынан туулган поэтикалык фантазия. “Майдын түнү” поэмасынын башында берилип аягында кайра кайталанган бул ыр түрмөгү өз алдынча турган кайталангыс тирүү пейзаж гана эмес, согуштан кайткан жоокер Баян менен Бүбүштүн – сүйүшкөн эки жуптун күтүүсүз жолугушкан майрамдык маанайларын символдоштуруп, маанилүү психологиялык көркөм функцияны аткарып, поэманын таасирдүүлүгүн арттырып тургандыгы менен да баалуу. Сөз болгон түрмөктөгү образдуулук, поэтикалуулук “Майдын түнүнүн” бүтүндөй тулкусуна негизинен мүнөздүү десек жаңылышпайбыз. Көркөмдүүлүк парасаты жагынан Алыкул Осмоновдун бүтүндөй чыгармачылыгынын көккө көкөлөгөн чокусу атактуу “Жеңишбек” поэмасы дээр элек. Ашым Жакыпбеков өзүнүн студенттик күндөлүгүндө “Жеңишбек” – Алыкулдун поэзиясынын чолпону” деп жазган экен. “Жеңишбек” поэмасы кыргыз поэзиясынын гана эмес, дүйнөлүк поэзиянын да чолпону.


Советбек Байгазиев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер