Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжеликага көптөн күткөн сүйүү келип, сүйүүгө мас экенин жазды

Анжеликага көптөн күткөн сүйүү келип, сүйүүгө мас экенин жазды

20-ноябрь, 16:44
1 382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы, Анжелика Кайратова биринчи никесинен ажырашкандан тарта анын артынан бир топ ушактар ээрчип келет. Кечээ жакында эле ал бир тойдо көз айнек тагынган мырза менен түшкөн видеосун жүктөп, сүйүү ырын ырдап, элдин кызуусун арттырган эле.  Ал эми бүгүн Инстаграмм баракчасына ошол сүйгөнү тууралуу ачык жазды. Ал:

Такыр сен жөнүндө элдин иши болбой койгондон көрө, аз да болсо сен жөнүндө кабатырланып тургандары оң окшойт деп койдум. Азыр убактым болоору менен кичине инстага баш багып, жетишимче сиздерге жооп жазып калам. Көбүнчөсүн жоопсуз калтырам, себеби жооптор окшош болушу мүмкүн. Ошентсе да мени менен чогуу жашап жаткандай өзүн сезген инсандарга чоң салам, өзгөчө салам. Мен сиздерди жакшы көрөм. Мурун жаман сөз жазгандар, азыр мактоо сөзүн аябай, бакыт тилеп жатышат. Негативти жеңдим деп толук айта алам. Ак ийилет, бирок сынбайт. Тагдырдын сыноосундабыз баардыгыбыз. Эртеңки күнгө эч ким сизге да кепилдик бере албайт. Мен мындай бурулушту эч качан ойлогон эмесмин. Башыма көптөн күткөн сүйүүм келип, маанайым азыр өзгөчө көтөрүңкү. Үй-бүлө кура элек инсан. Беш жаш улуу. Бир туугандары менен таанышмын. Эжелери абдан сонун айымдар. Алар аркылуу таанышкам. Мени кыргыздын эн кыйын кызы дешет. Азыр ачыкка чыгууну туура деп ойлодук. Ошондуктан эч бир сын сөз мени ойлондурбайт! Канатын кенен жайып, кучагында жылыткан, мага бардык убадасын берип, менин оюмду сыйлаган мырзам бар. Көп айымдар жалгыз бой азыр балдарын тарбиялап келет. Мен билгенден күйөөлөрү такыр жардам беришпейт. Тынымсыз иштеп, бала учун аракеттенген айымдарга ийилем. Сиздерди түшүнгөн, сыйлаган инсан табылаарына ишениңиздер. Жеке турмушуңуздарды ондоп, жакшы нукка салуудан коркпоңуздар. Жаратканыбыз сураганыбызды берет” деп жазды.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер