Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баарын тилеп, бирок үй-бүлөнү, күйөөнү эмнегедир тилебептирмин

Баарын тилеп, бирок үй-бүлөнү, күйөөнү эмнегедир тилебептирмин

18-октябрь, 17:21
753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкүнүп, тилимди тиштеп отурам. Азыр жашым 40тан ашты. Бирок дагы деле жалгыз боймун. Карьера, жумуш деп жүрүп, үй-бүлөнү, жеке жашоомду экинчи орунга чыгарып коюптурмун. Азабын эми тартып, эмне кылышты билбей калдым.

Кесибим боюнча дарыгермин. Медициналык окуу жайда билим алып жүргөндө чогуу окуган курсташ бала менен сүйлөшчүмүн. Окууну аяктап, бүтүрүү кечеси күнү ал бала гүл берип, колумду сурады. Бирок ал убакта эси-дартым карьера жасоо, иштөө болчу. Мындан улам көпчүлүктүн көзүнчө анын шагын сындырып, гүлүн да албай, «тийе албайм» деп баш тартып койгом. Мени түшүнө албай дал болуп, жалынып-жалбарды, ыйлады, анан намысына келди окшойт, көп сөздөрдү айтты. «Өмүр бою күйөөгө тийбей кал!» дегенге чейин барды. Жакшы көрчү эмесминби, же иштейм деген каалоом ушунча күч беле, айтор, мага анын сөздөрү анча таасир берген жок. Кетип калдым.

Кийин курсташым ошол жердеги эле кыздардын бирине үйлөнүп алганын уктум. Сары, толмочунан келген кыз болчу. Кейиген деле жокмун. Кийин башка балдар деле артыман ээрчип, колумду сурады, макул болгон эмесмин. Анткени оюмдун баары иш эле.

Карьерамды түптөдүм, үй алдым. Өзүмдүн иш бөлмөм болсо, ири компанияда иштеген кесипкөй дарыгер болсом деген тилектин баарына жеттим. Бирок үй-бүлөнү, күйөөнү эмнегедир тилебептирмин. «Кайда качмак эле?» деп жүрүп, убакыт, өмүр кантип өтүп кеткенин аңдабай калдым. Анүстүнө курсташтар аябай ынтымактуу болчубуз, азыркыга чейин катышабыз. Мени менен чогуу окуп бүткөн кыздардын турмушка чыгып, балалуу болуп иштей албай, өп-чап турмушта жашап, кыйналып жатканын көрчүмүн. Балдарын, үй-бүлөсүн багам деп эки-үч жумушта иштеп, бутун кененирээк сунуп жата албаганына далай күбө болгом. Мага андай жашоонун кереги жок эле ал кезде. Бутума туруп, эч нерседен кыйналбай жашагым келчү.

Бир күнү баягы курсташым чогуу окуган группалаш, курсташтардын баарын айылга үйүнө конокко чакырды. Мен да бардым. Коноктоп, сый көрүп аябай жакшы отурдук. Ал үй-бүлө айылдын кадыр-барктуу адамдары экенин бир көрүп эле байкадым. Төрт уулу бар экенин билчүмүн, биринен бири өтүп бой тартып, ата-энесинин көзүн карап турушат экен. Ушул жерден жүрөгүмдү бир нерсе өйүп өттү. Жаштыгыбызды эскерип ичтик, жедик, ырдадык, бийледик. Кыз деп мени аябай сыйлашты. Бир убакта курсташым экөөбүз өзүнчө калып калдык. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, «дагы деле турмушка чыкпай жүрөсүңбү? Креслоң менен диваның сага күйөө болуп берип атабы?» деп чучукка тийген сөздөрдү айтты. Араң турган жаным таң атканча ыйлап чыктым. Эртеси эч кимге айтпай, жолго чыгып кеттим. Үйгө келип күчүмдүн баарын ыйдан чыгардым. Ыйлаганымды көрүп апамдын жүрөгү сезди окшойт, «жалгыз жүрбөй жок дегенде бала багып албайсыңбы» деп калды. Анысына көндүм. Сураштырып, караштырсам ылайыктуу бала жок. Ошентип жүрсөм кичүү келиним дагы боюна болуп калганын айтты. Төрт баласы бар болчу. Кичүүсү эки жашка чыга элек. Анан өзү «алдырсамбы» дегенсип калганынан «мага төрөп бер» дедим.

Ошол убакта эмнегедир иним менен акылдашып, эсептешкен эмеспиз. Келиним ай-күнүнө жетип төрөдү. Аябай даярданып, үйгө балага керектүү нерсенин баарын алып койгом. Төрөт үйүнө барсам иним «эжеке, баланы сизге бере албайм. Эмне себептен мага айтпай келиниң экөөң чечип койдуңар эле? Сиз кантип бала багасыз? Анүстүнө туугандын баласы сизге бала болуп бербейт. Азыр билинбесе да кийин кедергиси тийет. Сый бололу. Баланы башка жактан багып алыңыз» деди. Шагымдын сынганын айтпаңыз, жер астын-үстүн болуп кетти…

Ошентип багы жокко дагы жок болуп, шаабайым сууп отуруп калдым. Жашым өттү, эми кимге турмушка чыкмак элем? Чыксам деле төрөй албайм да. Эмне кылышты билбей башым маң. Жаштык кылып, апамдын айтканын укпай «жумуш» деп жүрүп, ишимен башка эч нерсем жок. Көрсө, үй-бүлө, бала биринчи кезекте турушу керек экен. Эми эмне кылам?…

(Фейсбук баракчасынын социалдык тармагынан алынды)
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер