Министр Улан Ниязбеков президенттин эң ишенген, купулуна толгон кадры

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздук абалды мыкты көзөмөлдөп, эл аралык уюмдардан каражат тартканы, санариптештирүүгө батыл киришип, алдыңкы техникалар менен милицияны жабдый алганы, курулуш, чарбалык иштерди да жандандырып, айтор, көп жылдан бери келаткан жетишпестиктерди жоюп, баарын четинен жипке тизген шурудай кылып, өз нугунда алып баратат. Бул жагынан башка министрлер үлгү алышы шарт. Бизге жеткен маалыматтан алсак, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков президент Садыр Жапаровдун эң ишенген, купулуна толгон кадры экен. Мындай ийгиликке эмгеги, туруктуулугу менен жетип атканы ырас. Оомат ар дайым жылоолосун!
Айтмакчы, 15-июнда Москва шаарынан Ниязбеков менен Россиянын ички иштер министри Колокольцев жолугушту. Эки тараптуу кызматташууну бекемдөө менен бир катар маанилүү пикир алмашуулар болду. Натыйжада, Ниязбеков президент Жапаровдун атынан “Достук” орденин Колокольцевге тапшырды. Бул дагы жөн жерден эместир...
"Азия Ньюс" гезити