Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМдин КМК башчысы Абдиев менен министр Жунушалиев жаңжалдашты

ИИМдин КМК башчысы Абдиев менен министр Жунушалиев жаңжалдашты

25-декабрь, 01:05
5 000 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мына сага! ИИМдин криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиев менен Кашкар Жунушалиев “ит жебеген пок жешип”, сөөк зыркыраганча сөгүшүп, катуу жаңжалдашканы желдей тарады. ИИМдин ичи дүңгүрөп атат. 

Полковник Нурбек Абдиев сөгүшүү процессин жаздырып алганы, аныгында, министр Кашкар Жунушалиевдики калпыс болгону каңкууланууда. Ачууланган Абдиев 45 күнгө отпускага кетүү арызын жазып, ИИМдин орун басары Мирлан Каниметовго барат да, бет карашпай калганын айтып берет. Ошентип, министрге айбат көрсөткөн полковник эс алууга кетип калды.

Коомдук-саясый кырдаал чыңалуу чыйырында баратканы, аз күндө жаңы жыл болгону жатса, элестеткиле, кылмыштуулуктун баары ушундай учурда катталат эмеспи. Мындай шартта Кашкар Жунушалиев системаны башкара албай, интригага себепчи болуп, ИИМди “иритип” атса, жогорку төбөлдөр эмнеге кайдыгер болуп отурушат? Күч органдарында ырааттуулук, тартип болбосо, кантип анан коомдук-коопсуздук абалды көзөмөлдөшөт? Таңгаласың эй!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер