Акыркы кабарлар
» Коом » Кан борборуна кезек күткөндөр көбөйүүдө
Кан борборуна кезек күткөндөр көбөйүүдө
30-апрель, 15:49
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте республикалык кан борборуна барып кан тапшыргандар кезекке турууда. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 30-апрелде саат эртең мененки 11ге карата 100дөн ашык адам кан тапшырды.
Кезек күткөндөрдүн арасынан Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн аскерлерин, шаар тургундарын көрүүгө болот.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.