Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев: “Элдин көбү Садыр Жапаровду акыркы үмүтүндөй көрүүдө”

Нарынбек Молдобаев: “Элдин көбү Садыр Жапаровду акыркы үмүтүндөй көрүүдө”

31-декабрь, 17:18
2 449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарынбек мырза, референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүп, башкаруунун багытын аныктап алганыбыз туурабы же кыйын абалга кептелип турганда тынч эле жашообузду улантканыбыз оң беле?

-- Сырткы карыздар кекиртектеп, экономикабыз кыйынчылыкка кептелип турган мезгилде, коронавирус бизнестин баардык түрүнө кедергисин тийгизип жаткан учурда, көп кырлуу курулуш тармагы дагы кыйынчылыкка кептелип, үйлөр өтпөй турганда президенттик шайлоонун деле кереги жок болчу (!) деген пикирдегилер да бар. Бирок, биз жакшы турмуш келгенде оңололу, тынччылык болгондо референдум менен шайлоону өткөрөлү десек, ал убак келбей деле койчудай. Казынабыздын түбү көрүнгөнсүп тургандыктан, кайра-кайра ысырап кылып, аз каражатыбызды коромжу кылбай президенттик шайлоо менен референдумду бир күндө өткөргөнүбүз туура эле.

-- Бирок, “мыйзам бузулду” деп коңгуроо каккандар дагы чыгып жатат го?

-- “Мыйзам бузулду” дей турган болсок, Акаев бийликке келген күндөн бери тарыхыбыздын биринчи барагынан баштап эле мыйзамдар бузулуп келе жатат. “Бул мыйзамга туура келбейт экен” деп отурсак, коркуп эле жүрө бергидейбиз. Илгери Александр Македонскийдин атасы Филипп “ушул түйүндү ким чечсе хан болот” деген. Уулу Александр Македонский чечилбей жаткан түйүндү кылыч менен эле кесип салган. Ошол өңдүү биз ана-мына деп коркуп отурбай чечкиндүү чечимге келип, өлкөбүздү оңдоп, келечегибизди жакшы жолго салышыбыз керек. 

-- Садыр Жапаров талапкерлердин ичинен элге жакыны болуп жатабы же уюштуруучулар эл чогултууда жакшы иштеп жатышабы? 

-- Мамлекетибизде тоноп, жеп-ичип кеткен адамдардын саны көп болгондуктан, эл кыйын жашоого кептелгенин түшүнүп калышты. Алтургай мамлекеттин каражатын туш тараптан талагандар акыркы жылдары көбөйдү. ТЭЦтин курулушунда бир аттиштин баасы 600 доллар болгону, музейди оңдоп-түзөөдө коррупциялык схемалардын баары ачыкка чыкты. Эл коррупциялык иштердин жалпы суммасын укканда эмне кылаарын билбей калышты. Ошон үчүн “коррупция менен күрөшөм, жегендердин баарын төлөтөм” деген талапкерге эл ишенип, күндүн суугуна карабай жолугушууга чоң үмүт менен келип жатышат. Анткени, мурунку жолугушууларында “баланча үй-бүлө бизге үстөмдүк кылып жатат” дегендерге ошол замат чара көргөн. Ошондон улам “Садыр Жапаров адилеттик орнотот экен” деген ишеним пайда болду. Анткени, буга чейин эл бийликке ишенбей, эл менен бийликтин ортосунда чоң ажырым пайда болуп калган. Жаңы бийликтегилер “буга чейинки баардык катачылыктарды жоёбуз” дегени үчүн көйгөйлүү делген маселелерди айтып калалы деп элдер жолугушууга келишип, “ишенимибиз акталат” деген ойдо жүрүшөт. Анүстүнө башка талапкерлерге караганда Садыр Жапаров жаңы жүздөй көрүнүүдө. Анткени, мурункулардан Мадумаровго элдин көбү ишенбей калды. Себеби, “30 жыл иштедиң. Спикер, вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы болдуң. Эмне иш кылып кыйраттың?” дешип, элдин көбү Садыр Жапаровду акыркы үмүтүндөй көрүп, ага ыктап жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер