Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык Шер-Нияз: "Саясатта жийиркеничтүү, опурталдуу да иштер бар"

Садык Шер-Нияз: "Саясатта жийиркеничтүү, опурталдуу да иштер бар"

10-апрель, 16:40
635 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садык Шернияз саясат тууралуу пикирин социалдык баракчасынан жолдоду. "Айбек Кыштообаевди көптөн бери билемин, туугандык жайыбыз да бар. “Бата сурап келдим” деп келип кеткенине бир топ күн болуп калды. “Ынтымак партиясында бара жатам деди. Саясатка барууну чечтим деп бир топ сүйлөшүп олтурду. Жаштардын саясатка кызыкканы да туурадыр. Мүмкүн ошол киргил дүйнөгө аралашып, бир силкинип, бир тазаланып алганы өзүнө жакшы болоор. Мүмкүн биз билбеген, биз туйбаган нерселерди билеби бул жаштар, ким билсин? Саясатта жийиркеничтүү, опурталдуу да иштер бар экенин эскерттим. Батамды бердим...

Байдыкемдин “Ырларыма” чыгармасындагы ыр саптары эсиме түштү:

Байкабай түн киргенин таң атканын, 

Баарыңды уйку көрбөй жараткамын. 

Эл караган бетимди жер каратып 

Окуган окурманды жадатпагын.

Кээ бириң эл көңүлүн алаарсыңар, 

Жүздөгөн жүрөктөрдө жанаарсыңар. 

Кээ бириң өлүү түшкөн күчүккө окшоп, 

Керексиз таштандыда калаарсыңар.

Силерди жандүйнөмдөн жасап алдым, 

Беремин балбандарын баталардын. 

Кайгырсам силер менен бир кайгырып, 

Жашарсам силер менен жашараармын.

Туурабай чардаганын бакалардын, 

Ар бириң өз алдыңча атак алгын. 

Учкула уяңардан перзенттерим, 

Силердин атаңармын, апаңармын."

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер