Акыркы кабарлар
» Саясат » Кытай Орусиядан көбүрөөк мунай сатып ала баштады
Кытай Орусиядан көбүрөөк мунай сатып ала баштады
21-июнь, 11:54


Натыйжада май айында Орусия Кытайга мунай экспорттогон негизги өлкөгө айланып, Сауд Арабиясын артка таштады. Bloomberg басылмасы жазгандай, Кытай бир айда Орусиядан 7,47 миллиард долларга мунай сатып алган. Бул апрель айына салыштырмалуу 1 миллиард долларга көбүрөөк.
Кытай Орусиянын Украинага кол салганын айыптоодон баш тарткан. Орус күчтөрү коңшу өлкөгө басып кирерден мурда, кышкы Олимпиаданын ачылышында Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен орус президенти Владимир Путин жолуккан болчу.