Элди алдап, 96 миң доллар алган аялдар кармалышты(фото)


Чет мамлекетке, анын ичинен АКШ менен Норвегияга виза жасатып берем деп бир нече адамдан алдамчылык жолу менен акча алган аялдар укук коргоо кызматкерлерине кармалышты.
Бул аялдар бир жылга чукул 11 адамды алдап, 96 миң доллар алышкан. Алар 2018-жылдын сентябрь айында бул “ишмердүүлүгүн” башташкан. Ушунча убакыттын ичинде жабырлануучулар акчасын берип, бирок эч кандай виза жасата алышкан эмес. Миңдеген долларларга күйгөн адамдар милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылышып, кылмышка шектүү аялдар из жашырып, таптырбай келген.
Акыры Бишкек ШИИБдин криминалдык милициясы шектүү катары 46 жаштагы З.Ж. менен 59 жаштагы О.Н. аттуу аялдарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эгер бул аялдардан мурда да жабыркагандар болсо милицияга: 102, 0550-102-168, 0555-888-864 номурларына чалып кайрылсаңыздар болот.