Акыркы кабарлар
» Коом » БШК: “Баарына каршы” добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт
БШК: “Баарына каршы” добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт
29-ноябрь, 16:55
1 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайра Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
«Шайлоо мыйзамынын 37-беренесинде «Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынан аз болсо, “шайлоо болбой калды” деп таанылат» деп жазылган. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт» дейт ал.
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 орундун ордуна эми парламентте 90 орун болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты.