Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу: “Депутаттар эски каталарды кайталоодон качуунун аракетин көрсөтүштү”


-- Бакыт агай, Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда тароо аракети эмоцияга эмес, мамлекеттик көз карашка негизделип жатабы?
-- Кыргызстанда парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгеси коомчулукта кеңири талкууга алынууда. Учурдагы чакырылыштын ыйгарым укуктары 2026-жылы аяктайт, бирок бир топ депутаттар шайлоону 2025-жылы, президенттик өнөктүк башталганга чейин өткөрүүнү туура деп эсептешүүдө. Бул сунушту айтып чыккан депутаттардын позициясы эмоцияга эмес, мамлекеттик көз карашка негизделгени менен коомчулукта талкуу жаратууда.
Алардын жүйөсү жөнөкөй: 2026-жылы парламенттик жана президенттик шайлоолорду бир убакта өткөрүү мамлекеттик институттарга чоң күч келтирет, укуктук жана уюштуруучулук тобокелчиликтерди жаратат. Ошондой эле саясый туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн. Андан тышкары, шайлоо өнөктүктөрүнүн аралыгынын жакын болушу коомдо башаламандыкты жаратып, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин татаалдатат. Бул нерсе жарандардын шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимин азайтат эмеспи.
-- Сиздин баамыңызда, парламенттик шайлоо 2025-жылы болсо, кайсы маселелерди жеңилдетип, эмненин алдын алат?
-- Эгерде парламент 2025-жылы таратылса, бул бир нече маселени чечмек. Маселен, эки чоң шайлоо өнөктүгүн бөлүп, шайлоо календарын жеңилдетмек. Ошондой эле президенттик жарыш баштала электе жаңы парламентке толук мандат берилмек. Эң башкысы, бир убакта өтө турган шайлоолордон келип чыгуучу кагылышуу тобокелдигин азайтат.
Кээ бир сынчылар бул кадамды өз кызыкчылыгын көздөгөн саясый топторго пайдалуу катары эсептешсе, көптөгөн эксперттер бул демилгенин логикасы бар экенин моюнга алышууда. Демилгечилер башаламандыкты эмес, тартипти сунуштап жатышат. Кыргызстандын өткөн шайлоо тажрыйбасын эске алганда, мындай мамиле прагматикалык кадам катары көрүнөт.
Саясаттан алыс турган жарандар да шайлоолорду этап-этабы менен өткөрүү идеясын колдошууда. Себеби, эл туруктуулукту каалайт. Ошондуктан депутаттардын бул демилгеси саясый манёвр эмес, эски каталарды кайталоодон качуунун аракети катары кабыл алынууда.
-- “Парламент тарасын” деген депутаттар өлкөнүн келечегине жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатышкан кербездериби?
-- Ошондой десек да болот. Парламентти таратууну сунуштаган депутаттардын аракеттерин өлкөнүн келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуунун белгиси катары карасак жарашат. Тагыраагы, алардын аракети артка кадам эмес, тескерисинче, туруктуу жана алдын ала болжолдонгон саясый процессти куруу. Кыргызстандын татаал саясый шартында мындай кадамдын калыптануусу – мамлекеттик деңгээлде өсүүнүн жетилгендиги да...
"Азия Ньюс" гезити











