Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдрасулова: «Соттолуучулардын укуктары онлайн режимде кескин тебеленүүдө»

Азиза Абдрасулова: «Соттолуучулардын укуктары онлайн режимде кескин тебеленүүдө»

05-ноябрь, 18:45
410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Пандемия сот процессине кандай таасир этти?

-- Биз эки аптадан бери тергөө абактарында иликтөө жүргүзүп жатабыз. Анда түрмөлөрдөгү соттулуп жаткандарга, отургандардын укуктарынын корголушуна ковиддин тийгизип жаткан терс таасирин ачыктоо, анализдөө башкы максат.  Сот процесси ар тараптуу, кенен иликтенип, анан соттун чечими кабыл алынышы керек да. Бирок онлайн режим ушуга чоң тоскоолдуктарды жаратып жатканына күбө болуудабыз. Себеби аларга сот залы ар дайым көрүнүп турбайт. Сотко ким катышып жатканы белгисиз. Сот кийинкиге жылдырылса, анын себебин дагы билбей калышат экен. Ар бир соттолуучунун жазуу жүзүндө өтүнүч киргизгенге укугу бар, бирок өзү башка жакта отурганына жараша өтүнүч киргизе албай калууда. Жандарында адвокат жок, кеңеш суроого мүмкүн эмес. Онлайн режимдеги сот отуруму ар кандай себептер, шылтоолор менен улам артка жылып отуруп, бир жарым, эки жылдап отургандар бар экен. Тергөөсү бүтүп, соту бүтпөй күткөндөр арбыды. Мындан тышкары, адвокаттар ээн-эркин кирип чыга албай калышты. Анткени ар бир киргени үчүн ПЦР анализ тапшыруу талап кылынат. Адвокаттар дайыма эле чөнтөгүнөн акча төлөй бергиси келбейт. Албетте, пандемия буга аргасыз кылууда. Ошентсе дагы конференцияны, жолугушууларды онлайн өткөрсө болот, бирок онлайн режиминдеги сот процесси таптакыр болбогон нерсе. Иш менен онлайн таанышуу дагы кыйын. Тактап айтканда, пандемия, кризис, онлайн режим жабык жерлерде кармалган биздин жарандар менен адвокаттар үчүн кошумча түйшүк жараткандай. 

-- Муну кантип жеңилдетсе болот?

-- Мамлекет тарабынан онлайн режим эмес, сот залына коюлган темир торлорду айнектөө керек. Суракка, процесске келгендер ошол айнектелген жерде кармалуусу шарт. Ошондо процесске келген туугандары, жакындары соттолуучу менен бирин-бири көрүп, судьялардын чечимдери, адвокаттардын келтирген жүйөлөрү дагы угулуп турат. Буга көп деле акча кетпейт. Сот залдарына ушундай нерселерди орнотуу зарыл. Соттолуучулардын укуктары онлайн режимде кескин тебеленип жатат. Мисалы, Жалал-Абад, Ош тараптагы убактылуу кармоочу жайларда болдум. Ал жакта интернет жакшы тартпагандыктан сот залында эмне болуп жатканын көрбөй, эмне деп сүйлөп жаткандарын укпай калышат экен. Муну өзгөртүү же жакшыртуу чындыгында мекеме жетекчилеринин колунан келбейт. Алар кабинеттерди жасап, мониторлорду орнотушуптур. 

-- Жабык жерлердеги абал мурдагыдан дагы оорлошуп кеткенби?

-- Кармоо шарттары бир топ оңолуптур. Мен бир нече жылдардан бери убактылуу кармоочу жайларга кире элек болчумун. Жакында барып, ал жактагы өзгөрүүлөргө күбө болдум. Борбордук убактылуу кармоочу жайдагы имараттын абалы, идиш-аяктары оңолуп, телевизор көргөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүптүр. Жылуу, ар бир камеранын ичинде суу чыгып, бети-колдорун жууганга шарт түзүлүптүр. Тамак-аштары дагы жакшырыптыр. Мындан тышкары, кызматкерлердин анда кармалып тургандарга болгон мамилелери түзүк. Мурда биз кызматкерлер менен барганда ичинде отургандар аларга кыйкырып, бири-бирин сөккөн учурлар болчу. Бу саам андай окуяга кабылган жокпуз. Бир дагы жерде мекеменин жетекчилигине арыздануулар болгон жок. Ушул аптада Нарын, Караколду кыдырып чыгып, анкеталарды топтоп, анан жалпы анализдерин айтабыз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер