Тагдыр экен, апама окшоп мен дагы баламды ээрчитип, ажырашып кеттим
“Ажырашкан” деген кандай оор сөз... Бала кезимден баштап ушул сөз артымдан көлөкөдөй ээрчип келе жатат. Бала кезимде апамды “ажырашкан, кызын жалгыз тарбиялайт. Атасы жок, таштап кеткен” деген сөздөр жүрөгүмдү оорутчу. “Кийин күйөөгө тийсем эч качан ажырашпайм” дечү элем. Күйөөгө тийдим, “ажырашкан” деген сөз анда дагы артымдан калбады. “Апасы эрте ажырашып кетиптир, биздин келинди жалгыз тарбиялап чоңойтуптур” деп кайненем кирген чыккандарга, сурагандарга айтып жатты, жүрөгүм тилинди.
Тагдыр экен, апама окшоп мен дагы бир бала менен ажырашып кеттим. “Ажырашкан” деген статусту мен да көтөрүп жүрөм. Биздин коомдо ажырашкандарды жаман көз менен карагандар четтен табылат. Эрин кызганган катындар бири-бирине шыбырай калышат. Эри жок катынга катыны бары да, жогу да ырсайып күлүп, жылмайып сүйлөп калышат. Ажырашкандарды жеңил ойлуу деп ойлошобу, же “бул деле ысык жан, макулдугун берсе бир нерсе боло калса” деп ойлошобу? Жеңемден “эр алса тийеби?” деген катуу сөз уктум. Жакын деген адамың ушинтип айтса жаман болот экенсиң. Катуу ойлондум, стресс алдым, ыйладым. Анын да кызы бар, кайтар дүйнө бул жалган жашоо. Кээде ойлоном, мен уккан “ажырашкан” деген сөздү балам дагы сезип, угуп, жүрөгү ооруп жүрүп чоңоёт, “атасы жок” деген сөз кандай оор! Балам үйлөнсө анын да кайын журту “апасы ажырашкан” деген сөздү айтса керек...
Айдай
"Азия Ньюс" гезити