Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ата журттун улуттук идеологиясы

Ата журттун улуттук идеологиясы

25-июнь, 18:30
358 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)

22. Адам укугу жана эркиндиги – мамлекетибиздин жогорку гуманисттик баалуулугу

Жогоруда кыргыздын адеп-ахлак менталитети, руханий нарк-дөөлөттөрү жөнүндө кеп салдык. Чынында эле кечээки ата-бабаларыбыз адептик-ыймандык асыл нарктардын бийик өрнөктөрүн (Манас) жаратып, бизге мурастап кеткен. Бирок минтип сыймыктанып айтуу менен кыргыздын кечээки коомунун баардык жактарын оң баалап, өткөнүбүздү баардык жагынан телегейи тегиз нерсе дешке болор беле? Албетте жок. Өйдөдө улут рухунун чокусу, «каймагы», алтын фондусу жөнүндө кеп жүрдү. Бирок калк турмушу жалаң артыкчылыктардан гана, «каймактан» гана турбайт да. Кыскасы, “медалдын экин­чи жагы” деген бар эмеспи. Философтор “илгерки жамааттарда биринчи планда эл, уруу, жамаат турат да, алар жеке инсанды далдаалап турат” деп жөн жеринен айтышпайт. Бул жерде коом жеке личность, инсан эркиндиги, адам укугу деген демократиялык түшүнүктөр жана категориялар менен ойлонууга али өсүп келе элек. Ырас, демократиянын баштапкы өнүмдөрү болбой койгон эмес. Бирок да, негизинен адам эркиндиги, кишинин жеке укугу жогорку дөөлөт катары коомдун борборуна коюлбаган. Буга али кезек келе элек. 

Кечээки XIX кылымдагы эле тарыхыбыздан мүнөздүү мисалдардан келтире өтөлү. Маселен, тарых чындыгын чагылдырган Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы бир түйүндүү эпизодго көңүл буралы. Айтылуу жылкычы Шералынын хан көтөрүлүш окуясын караңыз. Бул жерде салтанаттын урматына ак боз бээ менен кошо эле күнөөсүз бир жаш жигит да мал сыяктуу курман чалынып, мууздалып жатат. Көпчүлүк муну салт боюнча туура деп кабыл алат. Анан кайдагы адам укугу? Тарыхый маалымат боюнча айтылуу Жантай хан Таштанбек манаптын ашында 20 кишини малга кошуп ат байгеге сайгандыгы белгилүү. Дегеле кишини байгеге саюу, кара башыл адамды кыздын калыңына кошуп берүү, макулдугун, ыктыярын сурабай мүлктүү, дөөлөттүү адамдардын күчкө салып кыздарды токолдукка алышы сыяктуу адам укугу тепселген фактыларды кыргыз турмушунан жүздөп, миндеп келтирүүгө болот. Мына ушундай менталитет менен биз социализмге келгенбиз. Тилекке каршы, акимчил-буйрукчул түзүлүштүн тушунда да кыргыз баласы Европа өлкөлөрдөгүдөй демокатиялык, укуктук системанын режиминде жашабады. Демократиялык категориялар менен ойлоно келсек, тоталитардык система антииндивидуалдуу келет. СССРдеги тота­литаризм гумандуу ураандарды көтөргөнү менен иш жүзүндө адам эркиндигин жана укугун урматтап борборго койгон эмес. Тескерисинче, ал жеке кишини мамлекеттик машинанын «винтигине» айландырган. Инсандын жүрүм-турумунун, ой жүгүртүүсүнүн, аң-сезиминин үстүнөн полициялык көзөмөл орнотуп, эркин сөзгө, плюрализмге, демократиялык либералдык дөөлөттөргө жол бербеген. Бир эле айтылуу репрессияларды, кийинки Алма-Ата окуясын эстейли. Мына ошондон улам батыштык демократтар учурунда “СССРдеги коммунисттик система жеке адам дегенди анча билбейт, СССРде биринчи планда инсан эмес, мамлекет, партия, тап, соцколлектив, партуюм турат” деп сынга алып, жазып турушкан. Авторитардык-сталиндик системанын тушунда юридикалык практикада жеке укук (частное право, гражданское право) четке сүрүлүп, борбордук орунду кылмыштык, административдик ж.б. укуктар ээлегени чындык болчу. Чындык салыштырууда таанылат эмеспи. Салыштырып карап көрөлүчү. Россиянын тарыхчы, укук таануучу илимпозу В.Савицкий төмөндөгүдөй деп жазат: «Менин германиялык коллегам ФРГдагы бир кичинекей эпизод жөнүндө айтып берген эле. Айтып берип, арзыбаган нерседей кайра эле аны унутуп калды. Ал эми айтылган окуя мага аябай таасир кылды. Ал окуя Батыш менен биздин ортобуздагы айырмачылыкты мага кашкайтып эле көрсөтүп койду. Окуя мындай экен: “Коллегамдын аялы, медсестра Бонндун көчөсүндө машина айдап баратып, жол эрежесин бузуп коюптур. Натыйжада анын машинасы бөлөк машинаны жеңил сүзүп алыптыр. Алтынчы күнү полициядан аялына те­лефон чалышып, келип суроолорго жооп беришин өтүнүшөт. Анда аялы таңгалып, «бүгүн алтынчы күн да, алтынчы күнү мен эс алам» деп телефонду жайбаракат коюп койгон. Анда «Фрау Хехерл, эгер биз үйүңүзгө өзүбүз барсак, көрсөтмө бере аласызбы?» деп чалышат. «Мен бүгүн эс алып атам го!» деп аялы кесе сүйлөп, чекитти коюп коёт. Иш ушуну менен бүтөт. Жөнөкөй катардагы медсестра бекем ишенет: анын демалыш күнкү бош убактысына эч кимдин: президенттин да, канцлердин да, атүгүл полициянын да кол салууга укугу жок. А биздин Россияда болсо, ар бир майда чиновник гражданиндин үстүнөн кандай шартта болсо да бийлик кылып, буйругун берет. Ал гражданин болсо кулчасынан бүжүрөп ага баш ийет. («Общественные науки», 1996, №1, 5-бет). Айталы дегенибиз, европалык чөйрөнүн укуктук маданияты жөнүндө. Ал тарапта укуктук аң-сезим, адам укугу жана эркиндиги жөнүндөгү идея тээ Сократтын заманынан бери карай өнүгүп, түптөлүп келген. «Великая Хартия воль­ностей» деген адамзат тарыхындагы улуу документ 1215-жылы эле Англияда кабыл алынган. Бул Хартияда мындай деп жазылган: «Бир дагы эркин адам мыйзамдан тышкары кармалууга, жеке менчиктен ажыратылууга, кордолууга, куугунтукталууга, жазаланууга тийиш эмес». Демек, европалык инсанда укуктук аң-сезим кылымдап өнүккөн. Философ Петр Яковлевич Чаадаев XIX кылымдын биринчи жарымында көп жыл Европада жашап келгенден кийин бул чөлкөмдүн көнүмүшү жөнүндө төмөндөгүдөй жазган экен: «Бул жакта жоопкерчилик, тартип, укук идеясы деген нерсе коомдун каны-жанына кирип, психологиясына гана эмес, атүгүл физиологиясына айланып калыптыр». Эгер ошол 1830-жылдарда эле ошондой болсо, анда өйдөкү германиялык жөнөкөй медсестранын полицияны ордуна коюп койгондугуна жана полициянын медсестра менен эсептешип унчукпай калганына эч кандай таңгалуунун кереги жок.  

Кыргызстанга келели. Жөнөкөй кыргыз медсестра милицияга «мен эс алып жатам, тынчымды албагыла» деши мүмкүнбү? Милициянын дароо жетип келип, ко­лун кайрып, зордоп машинага салып алып кетпесине, каршылык көрсөтсө, уруп-согуп камерага тыгып койбосуна ке­пил болуу кыйын. Ошон үчүн кыргыз медсестра милицияга чочулаганынан «ляппай» деп айтышка аргасыз. Бул жерде кеп тийиштүү мыйзамдардын жоктугунда деле эмес. Бизде деле туура, татынакай мыйзамдар жазылып турат. Бул жерде маселе – ошол мыйзамдарды аткара турган адам факторунун көп жагынан жетилбегендигинде жатат. Бизде мыйзам сыйлоо, укукту урматтоо маданияты кан-жаныбызга сиңген эмес. Чаада­ев айткандай, жоопкерчилик, тартип, укук идеясы психологиябызга айланбаган. Тоолук чиновниктин түшүнүгүндө катардагы жеке адам өкүмдардын эркин орундоочу, буйрукту аткаруучу, өйдөтөн башкарылуучу. Эгерде ал башкарылбай турган болсо, өз таламын талашып, каяша кылса, каршылык көрсөтсө, анда анын акесин таанытыш керек, жоготуш керек! Аксыдагы демонстранттардын алдын тосуп, адамдарга ок чыгарган чиновниктер жана милиционерлер бир жагынан өзүнчө бир патриархалдык-советтик авторитардык кыртыштан өсүп чыккан тарыхый типтер. Булар чогуусу менен үстөмдүк кылуудан, баш ийдирүүдөн канагат тапкан тирүү тоталитаризм. Аксыдагы трагедия – бул жеке адам укугун элес албаган патриархалдык-социалисттик авторитардык менталитеттин туундусу, бир жагынан. Кечээки тирүү адамдарды байгеге сайган сыяктуу жорук-жосундун издери заматта эле жоголуп, жоюлуп кетмек беле? Кыз ала качуу зордугу бекер жеринен жашап жаткан жок да. Дагы бир жолу айталы, биздин азиялык кыртышта мыйзам тоготпоочулук, укук тоготпоочулук күчтүү. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам чет өлкөлүк юридикалык эксперт мындай деп ачык жазып жатат да: «Кыргызстанда укуктук маданият төмөн. Мыйзамды сактаганга караганда, аны бузууга көбүрөөк умтулушат» («Вечерний Бишкек», 16-декабрь, 2005). Жакында 2024-жылдын 17-18-майында Бишкекте миңге жакын жаштар чогулуп, чет өлкөлүк студентерди сабап, алардын укугун тебелегендигин эске түшүрөлү. 

Бүгүнкү эгемендүү демократиялык Кыргызстандын конституциялык деңгээлде туу кылып көтөргөн жогорку идеясы, саясый жана нравалык философиясы – бул гуманизм, жеке адам, личность, анын укугу жана эркиндиги. Мындай философия граждандык, укуктук коомду курууга мүмкүндүк түзөт. Инсан эркиндигинин, укугунун жогорку асыл нарк катары коомдун борборуна коюлушу кечээки паритархалдык-феодалдык жана социалисттик-тоталитардык Кыргызстандын социалдык оюнун тарыхындагы революцияга тете бурулуш болуп саналат. Бул идея биздин өлкөгө дүйнөлүк цивилизациянын көчүнө татыктуу кошулууга ишенимдүү мандат берет. Себеби, эл аралык аренада адам укугу жана эркиндиги – мамлекеттин сапатына, гумандуулугуна, прогрессивдүүлүгүнө, демократиялуулугуна баа берүүнүн башкы чен-өлчөмү болуп саналат. Личносттун укугун, инсандык МЕНин, суверенитетин таанып, анын автономиясын сактоого, коргоого умтулуп жатышы – баздин жаш республикабыздын гуманисттик жаңы жолго түшкөдүгүн жана келечектүүлүгүн мүнөздөйт. Албетте, адам укугу жана эркиндиги идеясын жүзөгө ашыруу жолунда мамлекетибиз кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга учурабай койбойт. Жогорку мисалдарды эстеңиз. Турмуш реалдуулугу татаал. Мындай улуу идея үчүн массалык адамдын, кара таман пенденин ички маданий даярдыгы али ойдогудай жетиле элек. Илгери Артур Шопенгауэр сураган экен: «Эркин деген адамыбыз чын эле эркинби?» деп. Демократия эркиндик берип, жанагинтип тышкы тосмолорду, сырткы чектөөлөрдү алып таштады. А ички тосмолор эмне болду? Туура, демократиялык жаңылануунун шарттарында адамдардын ичиндеги «тоң» эрип жатат. Бирок өйдөдө айтылгандай, биз ички «кишендерден» али кутула элекпиз. Эркин болуу деген сөз ичибизде отурган эскирип, маанисин жоготкон түшүнүк-канондорду, догматикалык-авторитардык ойлоонун көнү­мүштөрүн, кулчулук психологияны, «Ыманбайчылыкты», «Орозкулчулукту» жеңип өтүү деген сөз. Демократиялык коомдун инсаны өзүнүн жеке пенде катары кайталангыстыгын, уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн туюнган, өзүн жамааттан, мамлекеттен салыштырмалуу бөлүп карап, эркиндикке, жеке турмушка (личная жизнь), автономиялуу тирликке укуктуу экендигин аңдаган (укук менен мораль бирдей түшүнүк эмес экенин эске тута отуралы), өзүн өзү ич жактан аныктаган, аналитикалык-рефлексивдик, антиавторитардык, антидогматикалык ой жүгүртүүгө эгедер, жамааттан, мамлекеттен өзүнүн индивидуалдуу автономиясын урматтоону талап кылган, бирок эркиндик деген биринчи иретте, жоопкерчилик, тартип, мыйзам сыйлоо маданияты менен бекем байланышта болорлугун түшүнгөн, өзүнүн мамлекет, айлана-чөйрө менен болгон мамилесин мыйзамдын жана укуктун негизинде жөнгө сала билген, өзүнө өзү кожоюн, өзүн өзү башкарган, өзүнүн МЕНине эгедер личность!

Биздин жаңы Конституцияда белгиленгендей, рыноктук, граждандык, укуктук коом инсандын ушундай тибин талап кылат жана ушундай субъективдүү активдүүлүктүн массалык түрдө көбөйүшүнө муктаж. Демек, мына ушундай деңгээлге чыгуу үчүн эми реформанын тизгинин инсан тарапка буруу зарыл. Бизге жеке индивиддин деңгээлиндеги реформа керек. Тышкы реформадан – ички реформага! Бул жагынан реформа жогортон жана төмөнтөн жүрүшү кажет дейбиз. Жогорку мамлекеттик, өкүмөттүк бийлик аппараты, анын органдары жана уюмдары, массалык маалымат каражаттары жарандарыбыздын илим-билимин, укуктук аң-сезимин, ички интеллектуалдык камылгасын, мыйзам сыйлоо маданиятын көтөрүү үчүн узак мөөнөттүү, комплекстүү иш-чараларды, үгүт-насыятты, туруктуу жана активдүү жүргүзүп турушу зарыл. Ал эми төмөнтөн болсо ар бир атуул «өзүн өзү өркүндөтүү» философиясын тутунуп, өзүн өзү тарбиялоосу, өзүн өзү өстүрүүсү, көтөрүүсү, мыйзамдык-укуктук түшүнүгүн, юридикалык маалыматын жогорулатуусу, өзүн өзү реализациялоосу коомубуздун өсүшү үчүн өтө керек нерсе. Кыргыз пендесинин ичинде нарктарды кайра баалоо, рухий изденүү драматизмине карк чыңалган ички процесс дагы да интенсивдүү жүрүүгө тийиш. Мына ушинтип, элет адамында ички «чынжырлардан» бошонуу, ич жактан жаңылануу, өркүндөө, ички рух «ренессансы» болуп өтүп, улуттук өзүн өзү аңдап түшүнүүсү бийикке көтөрүлгөндө демократия, эркиндик, укук деген нерсе кыргыз адамынын өзүнүн ички сапаты, өзүнүн ички жекече тандоосу, психологиясы жана философиясы катары кыртышыбызда терең тамырламак. Демократия инсандын ичинен жетилип чыгат. В.Б.Шклов­ский туура айткан: «Не историю надо делать, а биографии, из которых и складывается в конечном счете история». Адам укугу жана эркиндиги идеологиясы Кыргызстандын демократиялык келечек тагдыр үчүн терең мааниге ээ.


23. Улут аралык ынтымак – тынчтыктын жана турууктулуктун булагы

Кыргыз турмушунун энциклопедиясы болуп саналган ыйык мурасыбыз “Манаста” Бакай, Кошой, Ажыбай сыяктуу каармандар калк аралык достуктун, ынтымактын, биримдиктин жарчылары катары таанылышкан. Ал эми Манас баатыр болсо жаш кезинен эле Алтайдагы майда элдердин, кичине этностордун коргоочусу катары көрүнөт. Нескара аттуу кытай ханы түмөн кол менен Алтайга келип, Манаска кол салат. Бирок ойлогон ою ойрон болуп, тилеги таш каап, ал жаш баатырдан араң дегенде качып кутулат. Манас жалаң эле эр жүрөк баатыр болбой, адилет, боорукер, калыс жана ыймандуу да болуп чыгат. Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон маңгул элине акыйкат мамиле жасап, ал элдин мал-мүлкүн өзүнө кайра кайрып берип, туткундан бошотот. Манас туткундардын ыраазы болуп кыргыз аксакалдарына тартууга берген оокат-дүнүйөсүн «айрып алдык жоодон деп, аксакалдар муну алса, анан кайдан оңолду?» деп тартуудан баш тартып, өзүнүн кенендигин, тереңдигин көрсөтөт. Маңгулдар “бизди эл кылып алыңыз” деп Жакып менен Манастан өтүнүшөт. Манас тышкы жоого каршы биригип, ынтымакта бололу деген оюн билдирет. 

Мына ошентип, Манас өзүнүн алысты ойлогон акылгөйлүгү, ар-намыстуу ак мээнети, тайманбас көкжалдыгы, адамгерчилиги, эл коргогон эрдиги менен калайык-калкка жагып, алыскы Алтайда хан шайланат. Манасты хан көтөрүгө кыргыз, казак, мангул элдери активдүү катышат. Кийин Ала-Тоону баскынчылардан бошотуп, көз карандысыз мамлекеттүүлүктү түзгөндө, Манас айланадагы канатташ түрк калктарын жана кыргыз ичиндеги майда этносторду тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей, “канатынын” алдына калкалаган. Кыргыз калкынын, XXI кылымда адамзаттын жалпы көчүнүн тутумундагы стабилдүү бакубат жашоо-тирилигине бекем тирек болуп берчү жана кыргыз мамлекетинин руханиятын ичтен нурландыра турган жогорку дөөлөт – бул достуктун, биримдиктин ак жаркын философиясы. Бул философиянын тамыры улуу “Манастан” чубалып чыгат.

Бүгүнкү демократиялык Кыргызстан улут аралык, этностор аралык мамилелерде улуу Манас атабыздын гуманисттик салтын улап, кою короолош, айылы аралаш боордош журттарга туура этностук саясатты жүргүзүп келет. “Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт. Эч ким жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, саясый ынанымдары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Мамлекет Кыргызстан элинин маданиятынын өнүгүшүнө камкордук көрөт, тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт, этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылат” (Кыргыз Республикасынын Конститутциясынан). Кыргызстан этносторго карата дал ушундай демократиялык гумандуу концепцияны тутунат. Улуттук азчылыктардын маселелерин чечип, этностор аралык ынтымакты бекемдеп, көптөгөн жылдардан бери туруктуу иштеп келе жаткан Кыргызстан элинин ассамблеясы, анын айланасына баш кошкон түркүн элдердин түрдүү маданий-улуттук уюмдары, бирикмелери Кыргызстандын интернационалдык улут саясатынын жемиши. Бүгүн Кыргызстан этностордун, боордош улуттардын, диаспоралардын өз үйү, өлөң төшөгү. “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз!” деген ураан турмуш чындыгына айланган.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзамда “Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз эне тилин сактоо, окуп үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу” деп жазылган. Мындай саясаттын кагазга жазылган формалдуу гана декларация эмес экендигин, тескерисинче, реалдуу практикалык иш-аракеттер менен ырасталып жаткан турмуштук чындык экендигин төмөнкү мисал көрсөтүп турат. Дунгандар ассоциясынын төрагасынын орун басары Ю.Сулайманов минтип жазат: “Учурда дунган тилинде гезит, илимий-популярдуу адабияттар жана окуу китептери басылып чыгууда. Ошондой эле дунган тилиндеги радио-телеберүүлөр бар. Дунгандар жыш жайгашкан жерлердеги мектептерде дунган тили окутулат” (караңыз, китепте: Бектемир Мурзуибраимов – эл достугуна данакер инсан, Бишкек, 2021,130-бет). Буга кошумча айтар сөз, өлкөбүздө этностордун көптөгөн ыр-бий ансамбилдери иштеп жатат. Анан дагы тажик, өзбек тилиндеги мектептердин саны арбын. “Калыстык кылсаң калкыңа, теңдик кылсаң теңирге жагасың” дегендей, мамлекетибиздин адамгерчиликтүү улут саясатына канааттанып, ак калпак журтка агынан жарылып ачылгандарды көрөбүз. Буга бир эле этностор ыр-бий ансамблдеринин “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу шаңдуу концерттери күбө. “Мен кыргыз тилин өз тилимдей жакшы көрөм жана эркин сүйлөйм. Кыргыз элинин дили, меймандостугу мага жакшы маалым. Айтарым, жаш муундарга билимдин негизин мектепте кыргыз тилинде берип, андан кийин кошумча башка тилдерди үйрөтүш керек. Ошондо кыргыз тили кыргызстандыктардын улут аралык тилине айланат” (А.Алиев – чечендердин “Барт” маданий борборунун төрагасынын орун басары). “Акыркы жылдарда Кыргызстандын элинин ассамблеясынын курамында улуттардын өз тилдерине көңүл буруу менен мамлекеттик тилди да үйрөнүп жатышы кубандырат” (А.Хаджаев – уйгурлардын “Иттипак” коомдук бирикмесинин төрагасы).

Мындай жакшынакай жарандык маанай, ой-тилектер, идеялар, жаркын умтулуулар, бул өңдүү тенденция келечектеги улут аралык гармонияга карай жылууга өбөлгө. Бул тенденция мындан ары карай активдешиши зарыл жана этностордун мамлекеттик тилди үйрөнүшүн кош колдоп колдоп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, окуу-методикалык комлекстер менен ыкчам камсыз кылуу кажет. Мамлекеттик тил титулдук улут менен бир журт болуп жашаган элдерди бириктирүүчү, баш коштуруучу күчкө, улут аралык байланыштын тилине айланышы лаазым. “Иттипак” коомдук бирикмесинин төрагасы А.Хаджаев айткандай, “Улут аралык бирдиктүү тил болмоюн мамлекеттин ич ара ынтымагынын сакталуусу кыйын. А ынтымаксыз бир дагы мамлекет өсүп-өнүкпөсүн тарыхтан билебиз”. Ушул жерден ынтымак жана достук сезимдер жөнүндө дагы бир сөз. Жердеш, журтташ калк өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымак, достук – бул жүрөктөн төгүлгөн сүйүү сезими. Кыргыз поэзиясында Манастын досу Алмамбетке арналган өзүнчө бир ыр саптары бар. Ал ырда Алмамбет минтип ички жан сырын ачыкка чыгарат: 

“Ак калпакчан улуу кыргыз жеринин, 

Уулу болуп кызмат кылдым дилимден. 

Аңызына үрөн болуп көмүлүп, 

Көктөп чыгып, мөмө болуп ийилгем...

Өлбөгөм мен Чоң Казатта найзадан, 

Мен өлгөмүн кыргыз деген сүйүүмдөн!.”

Бул монологдон улам айтарыбыз, достук ширелишүүнүн негизинде дал ушул кытай уулу Алмамбеттикиндей айкөл сүйүүнүн жатышы абзел. Ал эми достук сүйүү сезими элдин, адамдын тилин, дилин, маданиятын, жандүйнөсүн түшүнүүдөн улам жаралат. Жогоруда чечен улутунун кулуну А.Алиевдин “Кыргыз элинин дили, меймандостугу мага жакшы тааныш” деп, кыргыз тилинде эркин сүйлөгөндүгү бекеринен эмес. Алмамбет кыргыз элин, Манасты ич жагынан түшүнүп, өз элиндей, өз бир тууганындай көрүп, ак калпакчан калкка агынан жарылып кызмат кылган. Өз кезегинде кыргыз калкы да Алмамбетке “балкылдап ийип”, аны өз бир боор уулундай санап калган. Кыргыз эли бүгүн Алмамбеттин ысымын “Манастагы” Бакай, Чубак, Сыргак сыяктуу сүйүктүү каармандардын катарында сыймыктануу менен атайт. Азыркы заманда этностор жашаган жеринин тузун актап, өлкөбүзгө ак кызматын кылып, титулдук улутка ниеттеш, тилектеш, дилдеш, тилдеш болуп, түтүн булатып жатса, “сыйга сый, сыр аякка бал” дегендей, аларга ак калпак кыргыз эли да агынан жарылып, мээримин төгүп, бооруна кысары шексиз.

Айылдаш, үзөңгүлөш этностордун эне тилине, маданиятына, мамлекеттик тилди өздөштүрүшүнө камкордук кылуу, бардык жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу аркылуу коомдогу биримдикти, тынчтыкты, ынтымакты сактоо, бара-бара Кыргызстандыктардын бирдиктүү улутка айланышы – өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүнүн кепилдиги болмок. 

Дагы белгилейли, калкынын 27 пайызын башка улуттар, этникалык топтор түзгөн өлкөбүздө этностор аралык саясатты кылдат жана ийкемдүү жүргүзүп, келечекке баруу керек. Этникалык чыдабастык, жарма патриотизм, этноцентристтик өзүмчүлдүк титулдук улутка пайда алып келбейт.Ынтымак идеологиясын үгүттөп жана жайылтып, эл-журтту улут аралык мамилелер маданияты жагынан агартуу зарыл. Ынтымак маданиятын бала кезден түптөгөн оң. Кыргызстандын бардык чүрпөлөрүн башталгыч класстарда мамлекеттик тилде окутуу – кыргыз тилинин улут аралык байланыштын тилине айланышына алып келет. Ынтымак ошондо огобетер бекемделет деген идея сунушта терең маани бар. Жаш муундарды башка элдердин маданиятын, тилин, динин сыйлай билүүгө, диалог маданиятына, толеранттуулук этикасына, коңшулардын укугун урматтоого, коомдогу туруктуулукту сактоого умтулууга тарбиялоо турмуштук зарылдык. Улут аралык ынтымак – улуттук идеялогиянын бир маанилүү салаасы.


(Аягы)

Советбек Байгазиев, КР эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер