Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүайша Арстанбекова, акын: “Өлүм жазасын киргизүү – учурдун талабы”

Бүайша Арстанбекова, акын: “Өлүм жазасын киргизүү – учурдун талабы”

14-октябрь, 20:46
732 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү бийлик тарабынан каңкууланууда. Ак-караны ажыратууга сот, прокурорлорубуз даярбы? Ансыз да укук коргоо органдарынын алешемдигинен арылбай аткан чакта катаал жаза менен күнөөсүздөр мерт болуп кетпейби?

-- Өлүм жазасын киргизүү – учурдун талабы. Анткени, адам баласынын коопсуздугу коркунучтуу абалга кептелип турган доордо жашап жатабыз. Айрыкча жаш кыздар-балдарга, аялдарга болгон зордук-зомбулук күчөп, маньяктар пайда баш көтөрүшүп, Кудайдан коркпой оор кылмышка баргандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бирок сот, прокуратура, тергөө органдары күнөөсүздөрдү “күнөөлүү” деп, коррупциялык жол менен жасалма айыптап, ак жерден өлүм жазасына тартпайт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт! Себеби, укук коргоо органдарына ишенич жок! Ошондуктан, тыкыр иликтеп, тергөөнү адилеттүү жүргүзүп, сот адилеттүү өкүм чыгарса жана өлүм жазасын бурмалагандардын өзүн да өлүм жазасына тарта турган күчөтүлгөн мыйзам жазылса, көзөмөл күчтүү болуп, бейкүнөө жазаланууга жол берилмек эмес деп ойлойм. Негизинен өлүм жазасы киргизилсе, оор кылмыш кылгандардын саны кескин түрдө кыскармак.

-- Айрымдар “өлүм жазасы авторитардык мамлекеттерде гана болот” деген ойлорун айтып жатышат...

-- Андай сөз туура эмес! Мисалы, Кытайда өлүм жазасы бар. Өлүм жазасын колдонгон өлкөлөрдө тартип орноп, өтө коркунучтуу кылмышкерлердин саны азаюуда. Ал эми бизде коркунучтуу кылмышкерлер көбөйүп, элибиздин коопсуздугуна кепилдик жоктой сезилет.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер