Акыркы кабарлар
» Саясат » Алыкул Осмонов атындагы китепканага намазкана ачылыптыр, иштин бүткөнү да!
Алыкул Осмонов атындагы китепканага намазкана ачылыптыр, иштин бүткөнү да!
02-июнь, 13:43


“Кыргыз коому ашкере динчил болуп баратат” деген пикирлер бар. Айт намазда жүз миңдеген кишилер намазга барганы муну кашкайта далилдеп турат. Эл көп жүргөн аэропорт, автобекет сыяктуу коомдук жайларга намазканалар зарыл экени ырас, ал эми Алыкул Осмонов атындагы китепкана ачылганына 40 жылга жакындап калды. Ушул кезге чейин бир молдо, же өздөрүн диндар катары эсептеген бир сакалчан, же узун этек кийген эркектер киргенин көргөн жан жок. Эми ошо бир молдо басып келбеген китепканага да намазкана ачылыптыр. “Боёкчу боёкчу десе атасынын сакалын кошо боёптур” дегендей, мынча болду театрларга, дүкөндөргө, бала бакчаларга, мектептерге да намазкана ачып, ислам мамлекети болуп кетпейби?
"Азия Ньюс" гезити











