Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда машинанын баасын кымбаттатпоо аракети көрүлөт

Кыргызстанда машинанын баасын кымбаттатпоо аракети көрүлөт

11-ноябрь, 09:09
784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы быйыл 2019-жылы 31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. 

Ушундан улам жаңы жылдан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып 13 600 долларга чыгат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, мындай өтүнүч менен кыргыз өкмөтү кийинки аптада, 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Москвада өтө турган жыйынында кайрылып, Кыргызстан сырттан машине ташып кирүүнүн жеңил тарифи боюнча мөөнөттү дагы узартуу аракетин көрөт.

Кыргызстан үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен кабыл алынат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. 

Эгерде 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы өтө турган жыйынында сырттан машине ташып келүүнүн жеңил тарифи боюнча мөөнөтү узартуу ишке ашып калса, анда жаңы жылдан кийин машина өтө деле кымбаттабай калышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын бардык аймактарындагы унаа базарларда машиналардын баасы өсө баштаган.
Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер