Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Исмаилова: “38-автобусту айдаган жолдошуман ажырап калдым”

Назира Исмаилова: “38-автобусту айдаган жолдошуман ажырап калдым”

06-август, 01:37
1 745 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Автобустун айдоочулары вируска чалдыгып, оорунун азабын эле тартпай, айрымдары дарттын айынан көз жумуп, арабыздан кете берди. Жакында эле №38 автобусту айдап жүрүп дартка кабылып, бул дүйнө менен кош айтышкан Талантбек Асанбековдун үй-бүлөсүнө мэрия, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы тараптан эч кандай колдоо болбогону кандай? Айдоочунун жубайы төмөндөгүлөргө токтолду.

-- Өмүрлүк жолдошум Асанбеков Талантбек 14 жыл бою айдоочу болуп эмгектенип, унаа үстүндө келди. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында сегиз жылдай эмгектенди. Жумуш учурунда жүрүп дарт жугузуп, анын айынан каза болуп калды. Жолдошум 47 жашта эле. Бой жетип келе жаткан үч кызыбызды таштап кете берди. Иштеп жүрүп ооруп келди. Алгач башы ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу оорлоп, ооруканага жаткырдык. Ошол кезде кычкылтек жетишпей, жанталашып, ар кайсы жакка чуркаганыбыз менен ажалга жулдуруп жибердик. Реанимациядан кетип калды. Сатурациясы таптакыр көтөрүлбөй койду.

Автобус айдоочуларынын айлык албаганына ким жооп берет?

Коронавирус, карантин ар бир кесип ээлерине тескери таасирин тийгизбей койгон жок. Көртирликтин азабын тарткан, кыйналган, ооруган, бирин-бирине жетиштире албаган карапайым кайран эл! Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын айдоочулары бүгүнкү көргөн кордуктарын айтып, редакциябызга кайрылышты.  

Автобустун айдоочулары айлык маянанын аз болгондугуна жана азыркы убакка чейин эмгек акысын ала алышпаганына нааразы. Мурда айдын башында алып турушса, азыр аликүнчө дайын жок. Буга чейин айдоочулар 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин айлык алышса, коомдук транспорттун режими өзгөргөндөн бери 2500 сомдон 4 миң сомго чейин эле айланып калууда. Жетекчилик болсо толбогон планды шылтоолоодо. 

Карантин абалы болгондуктан, окуучулар, студенттер жок. Эл аз, план толбойт. Азыркы учурда 2-4 миң сом менен жашоого мүмкүнбү? Андан да “жол эрежесин бузду” деп анын көп бөлүгү айып пулга да кетет. Аягында жарыбаган акча колдоруна тийет. Кол шилтеп басып кете алышпайт, баардык жерде жумушсуздук. Эл менен иштеген өтө кооптуу кесип ээлерине болгон мындай мамиле өтө кейиштүү. 

Айдоочулар көптөгөн жүргүнчүлөрдү обсервацияларга ташышкан, бирок оору-сыркоого кабылганда ишкана жетекчилиги тарабынан дарыланууга эч кандай көмөктөр, ал гана эмес беткап, колкап да берилген эмес. Атайын формалары жок чет жактан келген мигранттарды, милицияларды, медиктерди ташып, канчалары ооруга кабылышты! 

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковго байланышууга аракеттенип, мэрия тараптан уруксат ала албадык. Айдоочулардын үнү жетпеген жетекчиликке биздин үнүбүз жетип, жагдай тууралуу пикирин билдирели дегенбиз. 


Жамиля Нурманбетова 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер