Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камалбайбы? Нурлан Сулаймановдун миллиондору “сүрсүп” турат

Камалбайбы? Нурлан Сулаймановдун миллиондору “сүрсүп” турат

26-январь, 19:23
620 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

200 миллион сомдон ашык жегени прокуратурада, ЖМКда ачыкталган Нурлан Сулайманов ушул күнгө чейин жоопкерчилик тартпай, эркиндикте жүргөнү кандай? 2020-жылдан бери коррупцияга, алдым-жуттумдукка шектелгендердин алды эки-үч ирет “кусуп” беришти. Нурлан Сулайманов гана кол тийбестикке ээлик кылып, топтоп алган бизнес, дүнүйө-мүлкүн мыкчып отурат. Эмнеге УКМК бул эргулду “сүрсүтүп” атат? Же кандайдыр бир сыры барбы? Айтор, түшүнүксүз. Убагында коррупцияга айыпталган экс-министрдин баласы Элдар Сулайманов Жогорку Кеңеште депутат, тайраңдап жүрөт. А атасы элдин ырыскысын уурдап, байлык топтогону ушубу? Элдардын бир эле мончосу 2 миллион долларга салынып, оштуктарды кымбат баада жуундуруп келет. Кудайдан да коркушпайбы? Мейли, бүгүн манчыркап, кутура беришсин. Бирок эртең да күн бар, акыры мыйзамсыз баюу үчүн суракка алынышары, камалышары мүмкүнбү? Адилеттүүлүк акыры орносо, буттары күйгөн тооктордой корголошсо керек.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер