Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемел Ашыралиев: “Заарасы толгон Акаев ары чуркады, артынан эл ээрчип алган...”

Кемел Ашыралиев: “Заарасы толгон Акаев ары чуркады, артынан эл ээрчип алган...”

08-январь, 09:30
3 082 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ кыргыз-кытай алакасынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Эсиме бир нерсе “кылт” эте кетти. Ошо кезде Нарын облусунун губернатору Кемел Ашыралиев агабыз болчу. Эки элдин мамилелеш болуусуна бу киши ат көтөргүс салым кошкон. Кемел агабыздан кандай жагдайда болгонуна собол таштадым. Капысынан каптын оозун ачып ийген окшойм, тиги жагы Кытайдын Үрүмчү, Кызыл-Суусу, сулуу кыз... Бу жагы Аскар Акаевдин табарсыгы толгондогу айласына чейин жайылып кетсе болобу?!..

-- Кемел ага, Кытайга жолду сиз чапкан элеңиз, кандайча болгон?

-- 1990-жылы эле баштагам. 1991-жылдары элде эч нерсе жокто биринчи Кытай менен мамиле түзүп, кумшекер, суумай, күрүч ж.б. азык-түлүктөрдү алып келип, эл багып калдык. Мындан сырткары, туристтерди уюштуруп, алардан түшкөн каражаттын бир да сомун коромжуга учуратпай Нарын шаарына троллейбус жүргүздүк. Ошондо келесоомун да, бир сомду кой, тыйынына да тийбей, жаткан нерседен кичине “эметип” койсом болмок экен да (күлүп). Ошол эле туристтердин акчасына 200 киловатт электр жарыгын алпарбадымбы. Мурун 50 эле мегаватт болчу. 

-- Кемел ага, сөздү ала качпаңыз, ошондо кайсы кытай менен сүйлөшчү элеңиз, сөздү эмне деп баштачусуз?

-- “Нихао, нихао” деп баштачумун. Кашкар жана Кызыл-Суу, Синьцзян-Уйгур автоном облусунун башчылары менен алгач сүйлөшүүлөр болгон. Алар бизден темир-тезек алышып, анын ордуна азык-түлүк алып баштаганбыз. Кыргыз автоном облусунун акимдери менен биздин акимдердин баштарын кошуп, алардын ортосунда протокол түзүлдү. Алар суу чыгарганды жакшы өздөштүрүшүптүр, биздикилер ошо жагынан пайда көрүштү. Мындан сырткары, эки элдин ортосунда маданият күндөрүн уюштуруп, алардын бүт артисттери келип концерт берип, анан аларды Ысык-Көлгө, Ошко чейин алпарып дегендей.

-- Ошондо артисттердин арасынан кытайдын сулуу кыздарынын колун кармай алдыңызбы?

-- Ай бала, сен ал күндөрдү эстетпечи ээ, макулбу? Жок, эми андай болбойт да... Иштеген кызматыбыз ага жол бербейт эле. Биз эми саясый жетекчилерден болсок... 

-- Кытай менен алака түзгөн адамдын аркасы менен Нарынды кытай каптап кетсе, сизди күнөөлөп жүрүшпөйбү?

-- Ал учурда менсиз эле кытайсыз оокат өтпөй калбадыбы. Кайсы арына альтернативалуу жолду курат эле? Береги “Датка-Кемин” көмөк чордону менен ЖЭБди кантип салышмак? Андайлар толуп атпайбы. Эң кызыгы, журт башчылардан өзгөчөлөнүп, бир да тыйын карыз албай, туристтерди жана соода маселесин жөнгө салуу менен элди бактым. Кыйынчылык убактан чыгарып кеттим, достукту күчтөттүм. Кытайдагы Кыргыз-Кызыл-Суу автономдуу облусу ар бир 5 жылда мени сый-конокко чакырып турат. Кытайга төрт жолу барып келдим. Алар “ардагер” деп урматын көргөзүшөт. Азыркы биздин майда жетекчилер аны түшүнүшпөйт. Кимдин ким экенин аңдашпайт. Учурда эч кимиси “мына мен Кытай Республикасы менен мамилени түзгөм” деп айта албайт. Айтып көрсүнчү, кыйын болсо?! Так что, Кытайга жолду мен ачкам. Музду жаргам десем болот. 

-- Аскар Акаев менен Кытай жакка вертолет менен учкан белеңиз?

-- Акаевди үч жолу самолет, вертолет менен алпаргам. Бир нерсе эсиме түшөт. Ат-Башынын айтылуу минералдык суу чыккан Арашанга кондурдум. Чабандардын тою болуп аткан. Эт-сет тытмалагандан кийин Арашан суусунан Акаевге көбүрөөк ичирип койдум. Муралиев баштаган 6-7 адам бар болчу. Сууну ичкенден кийин 5-10 мүнөттө сийгелектетет да. Арашандан Торугартты көздөй вертолет менен учуп жөнөдүк. Жанагылардын баарынын табарсыктары толуп, чыдабай баратышат. “Качан жетебиз?” дешип. Жолдо өлө турган болушуп, вертолет конору менен сийгени чуркаш керек да. А жерде жоон топ эл “Аскар Акаев менен учурашабыз” деп күтүп турат. Вертолет конору менен Акаев кабакты көздөй чуркады, заарасы толуп кетиптир. Эл түшүнбөйт, далай жерге чейин ээрчип алышкан. Эптеп атып токтотуп, заара кылып келгенден кийин учураштырып... ушундай чоң окуя болгон. 

-- Аскар Акаевди атайын сийгектесин деп Арашан сууну ичирип койсоңуз керек да?

-- Андай ой менен эмес, жанагы тытмалаган эти сиңип кетсин таризинде эле ниет болчу. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер