Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабанов козголгон кылмыш иштерин тоготпой, тойдо ырдап чыкканы жумурай-журтту таңгалдырды

Бабанов козголгон кылмыш иштерин тоготпой, тойдо ырдап чыкканы жумурай-журтту таңгалдырды

10-октябрь, 19:03
1 121 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылы шайлоо астында Сооронбай Жээнбеков: “Өмүрбек иним, сага 25 суроом бар. Мен президент болуп калсам, сен жооп бересиң!” деп кекеткени эсибизде. Анан эмне болду? Президенттик шайлоодон кийин Бабанов “куйругун түйүп”, Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон. Себеби, кылмыш иштери козголо баштаган. Сыртта бир топ убакыт жүргөн соң, өткөн августтагы Кой-Таштагы окуядан кийин дароо Бишкекке келе калган. Анан кылмыш иштери биринен сала бири козголуп, күбө катары суралып аткан эле. Аңгыча Москвага эс алганы чыгып кетип, кайра келе калып Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда ырдап чыкканы жумурай-журтту таңгалдырды. Пиар кылуу жагынан кыйын экенин көрсөтүүдө. А эл ичинде түрдүү түшүнбөстүктөр орун алганын кайда жашырабыз? “Сокенин 25 суроосуна жооп бербесе да, козголгон кылмыш иштери бүткөнчө оор басырыктуу эле жүрбөйбү? Бабанов бийликти тоготпой калган, же сатып алганбы?” дегендей таңыркоолор бүтпөй жатат. Айтор, Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин да “башын айландырган” Бабанов бу жолу да суудан кургак чыкканы ушулбу?..

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер