Камчы Көлбаевдин көп кабаттуу үйлөрүн Нурбек Алимбеков куруп бүтүрөбү
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековду билсеңер керек. Кайсы бийлик келбесин “суу куйганга” даяр элпектиги, ийкемдүүлүгү менен жанын сактап келет. “Нурзаман” аталышындагы курулуш компаниясы бар. “Сулуу чымчык” каймана атындагы бул жигит Кыргызстандагы “чириген байлардын” катарын толуктап турат. Бизге жеткен маалыматтан алсак, “Камчы Көлбаевге караштуу” делген көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу токтоп калганы айтылган. Эми аларды Нурбек Алимбеков куруп бүтүрөбү? Орто жерден бизнес жасап, чоңдорго да жагынып, кыязы, ташы өйдө кулаганы калды ойшойт. “Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” деген кыргыздын накыл кебин эстейли. Анын сыңарындай, “Сулуу чымчык” байлык үчүн ылгабай эле көп жерге тумшугун тыга берсе, келечек тагдыры жарга асылып калбайбы?..
"Азия Ньюс" гезити