Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жакшы адамдын унутулгус себеби, Жакшы адам – сыр дүйнөнүн белеги”

“Жакшы адамдын унутулгус себеби, Жакшы адам – сыр дүйнөнүн белеги”

28-август, 21:30
839 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сейит Жетимишев, Кыргыз Эл жазуучусу: 

Жашоо катаал, жашоо азап ойлоном,

Жан кыйналса токсон жолу толгоном.

Ошол кезде табиятка таарынам,

Адам жанын өлбөс кылып койбогон.

Көз жумулса карааныбыз көрүнбөс,

Шамал өңдүү бул дүйнөдө болбогон.

Атаң көрү ай, болсом кана илимпоз, 

Адам жанын өлбөс кылып оңдогон.

Оңдой албайм, бирок сыздайт жүрөгүм,

Окуяга адамды адам кордогон.


07.06.2022-жыл


Кандай оор мерез менен тиктешүү,

Кандай оор “тупой” менен иштешүү.

Кандай оор жети атаны санашып,

Мөл булакты бура тартып жиктешүү.

Кандай кымбат кырчылдашпай адамзат,

Кылыч мизин достук үчүн тиштешүү.

Кандай кымбат эгер сынса канаты,

Ак кууларга бирин-бири издешүү.

Кандай кымбат ак дилинен сыйлашып,

Акылмандар акыйлашпай “Сиз” дешүү.

Кандай татаал кыл чокуда отуруп,

Кытмыр, митаам мезгил менен кездешүү...


18.08.2022-жыл


Черткилейт түрдүү эшикти түркүн тагдыр,

Тагдырдын бири кара, бири актыр.

Бирөөгө көк шиберлүү жайык болсо,

Бирөөгө кургап турган бопбоз чаптыр.

Тагдырсыз жашоо деген түк болбостур,

Тагдырды мейлиң жекте, мейлиң жактыр.

Табият адамдарды шордуу кылбай,

Тагдырдын табышмактуу тилин таптыр.

Баш ийбей тагдырына таштан катуу,

Жараткан жаңылыкты гений аздыр.

Мына ошол гений үчүн таалай бактыр.


-- Жаша, гений!


20.08.2022-жыл 


Ыраазымын жакшы адамдын барына, 

Туш болгондо сур замандын каарына. 

Ызылдашып кошоматка кой сойгон,

Кулак какпай кара ушактын баарына.

“Чыда жигит, түбү чындык жеңет!” – деп,

Менден качпай ачык келген жаныма.

Кичинекей бул чындыкты айтпасам,

Кетет го дейм замандашым таарына.

Жылдар өтсө унутулат турбайбы,

Уу жыландын жонундагы чаары да...


Жакшы адамдын унутулгус себеби,

Жакшы адам – Сыр Дүйнөнүн белеги!


25.07.2022-жыл 


Кезинде көчөт тиккем өнсө экен деп,

Жашоонун эмне экенин көрсө экен деп.

Сугардым суудан үзбөй бапестедим,

Аптаптуу ысык күнгө көнсө экен деп.


А бирок өскөн кезде жалбырактап,

Кактады көчөт көнгөн ысык аптап.

Таңгалдым, сугарсам да көлкүлдөтүп,

Куурады сырын айтпай ичке сактап.


Сезбеди кайран көчөт кармаласам,

Чырпыгын назик тиштеп жалмаласам.

Табият баарын коюп айтчы мага,

Эмне үчүн Өнүү кымбат, Өлүү арзан?..


19.06.2022-жыл


Чынчыл адам бир үн салса билинет,

Табияттын чындыгына ийилет.

Жойломолор жолдон түртсө май чайнап,

Кара суу ичип, канча өлүп-тирилет.

Жедеп жаны жанчылганда айласыз,

Бүлбүлдөгөн бир үмүткө биригет. 


Неге чынчыл жанын кыйнайт анчалык,

Жашаарын да жакшы билбей канчалык.

Жаратылыш “чынчыл болуп жаша” деп,

Койгон го дейм, “чындык” деген жан салып. 

Андай болсо акыры бир жүгүрөр,

Кайран чынчыл таштак жолдо даң салып. 


-- Таштак жол тасмадайбы чындык үчүн?..


24.07.2022-жыл 


Карт дарак, сен да шордуу, мен да шордуу,

Кээде мен өлгүм келет өзүм колдуу.

Сен болсоң шору жоктой каркаясың,

Кийсең да бырыш-тырыш каткан тонду.

А сени шылдыңдашат жаш дарактар,

Жел жүрсө жылмайышып оңду-солду...

Табият даракты кой, чарасын көр,

Акылдуу айбандардын шиши толду!


01.07. 2022-жыл 


“Керек, - деп, – азыр мага алтын акча”,

Жараткан өлбөй турган өмүр сатса.

Талашып ачкөз байлар кырылышар,

Ойлошпой өзгөлөрдү өлүп жатса.

Тигине, кымбат нанга акчасы жок,

Жалдырайт бир бечара кечке ачка.

Тигине, гений турат эрдин тиштеп,

“Табам, - деп, – бул жашоодон жолду башка”.


Билбеймин таба алабы гений аны,

Азаптар “булт-булт” чыгат улам жаңы.

Деги эле атпайт го дейм бул жашоодо,

Жарк этип эл айткандай, - “таалай таңы”.

Адамзат нан талашып, жер талашып,

Канчага ага берет адам каны?..

Табият, айтчы неге бул жашоодо,

Татыбайт кебекке да адам жаны?..


02.07. 2022-жыл


Добул жүрсө кубалаган кусаны,

“Качыр” этти ак кайыңдын бутагы.

Батса керек ак кайыңдын жанына,

Албууттардын уудай ачуу ушагы.

Кайран бутак солк жыгылып суланып,

Кайра келбес катаар жолго узады.

Ушакчынын кызыл тилин кырча буур

Адамзаттын такыр жокпу тузагы?

Жан кашайса тузак эмес баш кесер

Бар го деймин адамзаттын бычагы.


08.07. 2022-жыл 


М.-га

Капыстан сүрөтүңдү көрдүм сенин,

Уруктай жүрөгүңө өндүм сенин.

О, менин кандай шордуу экенимди

Көз эмес, жүрөк менен көргүн дедим. 


Жүрөгүң көрө алабы билбейм деги,

Табият жаратканын кандай мени.

Сүйдүрүп сулууларды кыялымда,

Бар го дейм табияттын менде “кеги”.


Кектенби, же тектенби, жазам ырлар,

Ааламда чексиз го дейм кыял, сырлар.

Аздектеп кызыл гүлгө кол тийгизбей,

Сүйгөндүн кыял менен өзү жыргал!


11.07.2022-жыл


Эй, көк асман, сырдын баары сендеби,

Арылбаган азап-тозок мендеби.

Канатымды сууга салып иштедим,

Жоготом деп кара такты элдеги. 


Жок кыла алдым кара тактын канчасын,

Билбейм аны мезгил баалап калчасын.

Аткым келет тике карап сөз менен,

Ким сындырса Ала-Тоонун арчасын. 


Жашыл арча миң жашаган карыдай,

Кары эмес, адамдарга дарыдай. 

Көргөн кезде аскага өскөн арчаны

Аруу адам жаралгансыйт жаңыдай. 


-- Неге арча өзү карып, өзгөлөрдү жашартат?..

Неге арча адам түгүл аскаларды тазартат?..


13.08.2022-жыл


Адамсыз жалгыз жашоо кандай кыйын,

Укпасаң адам-жандын салам-сыйын.

Адамды аңдап кээде баалабайбыз,

Болгонсуп адам баасы жарым тыйын.


Табият ажыратпа адамдардан,

Ажыроо адамдардан арман-арман.

Адамсыз жалгыз жашап жыргайм деген,

Жашоонун тээ түбүнөн жалган-жалган...


-- Бар бол, адам!


10.08.2022-жыл


Арбакка

Сен калсаң эстен чыкпай кээде күн-түн,

Эркелеп угулгансыйт сенин күлкүң.

Ошондо өзүмдү-өзүм алдап коём,

Тирилип келген го деп сени мүмкүн.


Тирилип келбесиңди билемин го,

Эстеткен менде калган илебиң го.

Чабыттап кыял учпай калган кезде,

Илептен кубат алып жүрөмүн го.


Ушуга кээде олтуруп тобо кылам,

Тар үйдүн “потологун” обо кылам.

Баары бир ойлогондо өлөр күндү,

Баскансыйт карайлатып кара туман...


-- Ошондо бир үшкүрүп анан тынам!..


11.08.2022-жыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер