Жолдошум жаш кызга азгырылып, аны кызганып жүргөнүн байкадым


Жакында күтүлбөгөн бир көрүнүшкө күбө болдум. Жолдошумдун телефонуна көзүм түшүп, бир жаш кыз менен жазышып жүргөнүн байкадым. Андан да оор жагы, экөөнүн толгон токой бирге түшкөн сүрөттөрү жүрөк оорутту.
Ал кызга телефон чалсам, “биз бир эле жолу жолукканбыз” деди да, дароо номерин алмаштырып, мени блоктоп салды. Бирок алардын каттарын окуганда, ал кызды жолдошум кызганып, кайра-кайра чалып, текшерип жүргөнүн билдим.
Ичим тызылдап, бүт дүйнөм оодарылып кеткендей болду. Жолдошума бул тууралуу айта алган жокмун. Бир кыздын энеси катары мен үчүн бул абдан оор сыноо. Ажырашуу туурабы же үй-бүлөнү сактап калуу жолун издейинби? Туура чечим кабыл алуу кыйын болуп турат. Бирок көңүлүмдү эң оорутканы – ишенимдин ураганы. Азыркы эркектер, эмнеге ушунча пассыңар?
Арууке
"Азия Ньюс" гезити











