Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Шабданбаев: “Казактар биздей айкөл эл боло албай, майдаланып калышты”

Канат Шабданбаев: “Казактар биздей айкөл эл боло албай, майдаланып калышты”

30-ноябрь, 19:30
566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев менен улуттук оюндар боюнча азыноолак маектештик.

-- Канат мырза, 2022-жылда кыргыз элин кызыктырган эң биринчи маселе – Түркиянын Изник жергесинде өткөн Көчмөндөр оюндары болду. Жеке сиздин пикириңизде, оюн кандай деңгээлде өттү, күнгөй-тескейине токтоло кетесизби?

-- Буга даярдык 2020-жылдан башталган. Пандемиянын кесепетинен эки жыл токтоп, быйыл гана өттү. Биз башында спорттун 26 түрүнөн даярданып баштаганбыз. Ар бир спорттун түрүнөн УТС (учебно-тренировочный сбор) берип, бир эмес эки жолудан кайталадык. Кийин Түркия тарап кыскартып отуруп, спорттун 14 түрүнө токтолушту. Биздин улуттук оюндардан алыш күрөшү, анан көк-бөрүбүз эле кирди. Көк-бөрү да акыркы 3-4 күн калганда кошулду. Ошондо да аттарды Түркиядан алдык. 

-- Эмнеге көк-бөрүчүлөрүбүз өз аттары менен барышпады?

-- Биз эки ай мурун жеке авикомпания менен сүйлөшүп, ал жакка алпарып, алып келгенин минималдуу кылып, самолеттун чыгымын гана төлөгөндөй макулдашканбыз. Бирок, жеке компания болгондуктан, башка буюртма чыгып калса кете беришет тура. Жыйынтыгында алар бизди алпарган жагына макул болуп, апкеле турган жагын бир айга жылдырмак болушту. Көк-бөрүчүлөр жана федерация башчылары менен сүйлөшкөндө “бир ай аттарыбызды багып жата албайбыз. Биз анда аттарды бу жерге калтыралы” деген чечимге келип, аттар ал жакка барган жок. 

-- Канча спортчуга квота берилди жана жашоо шарттары кандай болду?

-- 60 спортчуга квота берилди. Контейнерден жатакана жасашкан экен. Ал учурда күн ысык болгондуктан, контейнерде жашоо кыйын, аба жетпей атты. Мамлекет тарабынан кошумча биз жардам бердик. Өзүбүздүн бул жактан төлөнүп барган спортчулардын жашоо шарты аябай эле жакшы болду. 

-- Эми оюндарга келели...

-- Биздин улуттук спорт болбосо да баардык оюндарга биздин спортчулар катышып, болушунча ийгилик жарата алышты. Медалдык жыйынтыкта кожоюн катары Түркия сап башында болсо, биздики алардан кийинки 2-орунду татыктуу ээледи. 

-- Оюндун ачылышындагы парадда биздикилер бир башка шаң жаратып, стадионду каптап кеткендей болду...

-- Уюштуруучулар тарабынан баардык мамлекетке бирдей сандагы спортчулар парадга чыкмак, ал жерде эки өлкөнүн президентинин жылуу ымаласы катуу таасир берип атканы билинип турду. Анан эле биздин спортчулардын баарын күчтөп  парадга киргизип ийдик. Анткен менен параддын көркү ачылды, бу жагынан чоң упай топтой алганыбыз ырас. Казак, өзбек боордоштор жана башка мамлекеттердин духтары түшүп калышты.  

-- Эмнеге Изник жергесин тандап алганы да бекеринен эмес чыгар?

-- Негизинен Түркия мамлекети кыргыздарга өзгөчө жылуу мамиле кылды. Бир кезде кыргыздын баатырлары эрдик көргөзүп, көптөрүнүн сөөктөрү ал жерде көмүлгөн тарыхый мурас аймак катары, бизге болгон сый-урматы, кыргыздын ата-бабалары басып өткөн жер экенин баса белгилешип, Көчмөндөр оюндарын Изникте өткөзүштү.

-- Казак боордоштор кантти? Дегеним, ар качандан бир качан биз тарапка болгон ичкүйдү, куру намыс жактары акыркы мезгилдерде бери көздөй калкып чыгып келет...

-- Казак боордошторду жакшы эле таанып, билип калдым. Патриоттук сезимим аларга мени көп жакындатпайт, жагалданбайм, өздөрү келип учурашса алик алам, өзүм басып барбайм. Алардын кылган кылыктары баарыбызга маалым болуп калбадыбы. “Казак-кыргыз бир тууганбыз” дейбиз, ортобузда талаша турган эчтеке деле жок. Бирок, биздикиндей айкөлдүктү алардан көрө албай келем. Ошонусуна ичим чыкпайт. Көк-бөрү оюнун чындап келсе кыргыз менен казак эле ойноп келет. Башка улуттар бизчелик ойной алышпайт. Анан эле биздин тайказанга асылышат, болбогон, суу кечпеген кептерин жармаштырып. Майдаланышат...

-- Кезектеги Көчмөндөр оюндарын казак боордоштор өткөрмөй болду. Сиздер “бизде эле өтсүн” деп аракет кылбадыңарбы?

-- Биз тышкы иштер министрлиги менен биргеликте справка даярдап, “кезектеги оюнду өзүбүзгө эле алалы. Юридикалык документтерди тууралайлы, бөлөк улуттарга кайра жалдырап, “ушул улуттук оюнду кошуп койгулачы?” дебей, теңата сүйлөшкөнгө жалгаштыралы да, анан кийинки оюнду башка мамлекетке татыктуу өткөзүп берели” дегенбиз. Тилеккке каршы, министрлердин жыйынында кандай чечим болуп кеткенин катышпагандан кийин айта албайм. Ошол жерден “кийинки оюн Казакстанда өтсүн” деген чечим чыкты... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер