Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиевге караганда Талант Мамытов президентке ишенимдүү спикер болобу?

Марлен Маматалиевге караганда Талант Мамытов президентке ишенимдүү спикер болобу?

19-февраль, 00:12
1 744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Президенттик шайлоо кийинки жылдын январь айында өтмөй болду. Конституциялык соттун билдирүүсү ушундай жарыяланды. Маанилүү жагдайга көңүл буралы. Талапкер катары Садыр Жапаров кызматын таштап, аламанга аттанганда, парламент спикери мамлекеттин “эки чылбыр бир тизгинин” колго алат. Мурдагы шайлоодо бул вазыйпаны Талант Мамытов аркалап, татыктуу түрдө милдетин аткарып, ишенимдүү жандооч болгон. Ал эми азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ойноп кетпейби? Кыска убакытта эле Алмазбек Атамбаевге, Өмүрбек Бабановго, Сокеге, Райымбек Матраимовго ооп кеткен, күч каякта болсо, ошол командага кире бергенин баарыбыз эле билебиз го? 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин эки достун “чачпагын” көтөрүп чыга келди, аягында президенттин ишенимине арзып отурат. Балким, опурталдуу саясый жүрүштөрдө Марлен Маматалиев өз кызыкчылыгына карата саясатты алып кетсечи? Бул боюнча кыраакы аттуу-баштуулар да шек санай баштаганын угуп атабыз. Андыктан, спикерлик кызматка Талант Мамытовду эле шайлап, көңүлдү тынчытуу керекпи? Садыр Жапаров терең ойлонуп, өзүнө бекем таянычты тандайт (!) деп ишене туралы. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер