Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн мугалимдер күнү. Кыргызстанда быйыл 82 миң мугалим иштеп жатат

Бүгүн мугалимдер күнү. Кыргызстанда быйыл 82 миң мугалим иштеп жатат

05-октябрь, 12:48
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 5-октябрь – дүйнөлүк мугалимдер күнү. Бул майрамга байланыштуу улуттук статистикалык комитет бир катар маалыматтарды сунуштаган. Азыркы учурда өлкөдө 4 миңден ашык мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар. Аларда 113 миң педагог 1,9 млн. тарбиялануучуну, окуучуну жана студентти окутат.

Быйыл жалпы билим берүү мектептеринде 82 миң мугалим иштеп жатат. Алардын 24 миңи шаарда, айыл жеринде 58 миң мугалим эмгектенүүдө.

Мектептердин 85 пайызында аял мугалимдер эмгектенет, алардын 8 пайызы мектеп директору жана директордун орун басары кызматтарын аркалайт.

2020-2021-окуу жылынын башталышына карата мугаимдердин 87 пайызы жогорку билимдүү болгон. Бир мугалимге орточо алганда 16 окуучудан туура келет. Ар бир алтынчы студент мугалимдин кесибин тандап алат.

2020-2021-окуу жылында жогорку окуу жайларын 6 миңдей педагог бүтүрүп чыкты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер