Акыркы кабарлар
» Коом » Аркарбек МАМЫТОВ , «Жаңы муун» коомунун теңтөрагасы: «Жаңы жүздөр мамлекеттин келечегин өз колубузга алабыз»
Аркарбек МАМЫТОВ , «Жаңы муун» коомунун теңтөрагасы: «Жаңы жүздөр мамлекеттин келечегин өз колубузга алабыз»
01-октябрь, 15:20
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌– Аркарбек мырза, жаштар, жаңы жүздөр чогулуп жатыпсыздар...
– Биз «Жаңы күчтөр, жаңы жүздөр» деп биригип жатабыз. Кыймыл катары түзүлдүк. 14-сентябрда республикалык биринчи форум өттү. Ал жерге жүздөн ашык жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, төрагалары, айрым бир жаш партиялардын лидерлери катышты. «Ар кимибиз өзүнчө болбой мамлекеттин кызыкчылыгы, эртеңки келечеги үчүн биригели, бир максатты көздөйлү, чогуу бир иш-аракеттерди кылалы» деп макулдашып, бириктик. Кыргызстанда жаштардын уюмдары көп да. Аларга да биздин катарыбызга кошулууга чакырык таштадык. Жеке амбицияларды токтотуп, баарыбыз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы дагы, бир идеянын айланасында топтолуп, мамлекеттин келечегин өз колубузга алганга аракет кылабыз.

– Таза, курч, күчтүү жаштар катары кимдерди белгилейсиз?
– Өтө жашпыз деп да айта албайм. Бизге келип, бизге катарлаш болгондордун арасында мурда министр орун басары болгон Максат Чакиев, өлкөдөгү абдан курч маселелерди көтөрүп жүргөн Айбек Мырза, «Мекенчил жаштар» уюмунун мүчөсү Темирлан Бекботоев, «Жаңы дем» партиясынын төрагасы Расул Түлеев деген жигиттер бар.

– Мындай жаштар топтолгондо эле артында бир саясый фигура же күч турганы айтылып чыгат...
– Андай учур сөз жок болот экен. Биздин уюштуруу топ башында сүйлөшүү жүргүзө баштаганда ушундай сөздөр болду. Бирок Кудайдын алдында чындыкты айталы, артыбызда эч ким жок. Биз өзүбүз эле чогулуп, «жаштар бир ынтымакта биригип көрбөйлүбү» деп биригип жатабыз.

– Шайлоого катышууга пландар болсо керек?
– Эски жүздөрдү жаңы жүздөргө алмаштыруунун жолу эле шайлоо. Бирок шайлоодо азыркы барьерлер, шайлоо мыйзамдары өтө катаал болуп, азыркы олигархиялык партияларга ылайыкташкан мыйзамдар жазылып калган. Жаш партияларга тоскоолдуктар көп. 9%дык барьер, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөлөрү бар. Ошого карабай өз аракетибизди көрөбүз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, «Азия Ньюс» гезити