Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Дегенбаев: “Азык-түлүктөрдүн баалары дагы көтөрүлүүсү күтүлүүдө”

Бакыт Дегенбаев: “Азык-түлүктөрдүн баалары дагы көтөрүлүүсү күтүлүүдө”

22-февраль, 01:13
3 891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү фондусунун жетекчиси менен маек.

-- Кант, өсүмдүк майы кымбаттоонун эле үстүндө. Чынында жумушсуз эл кыйналып жатат. Кымбаттоонун себеби эмнеде? Кандай чара көрсө болот?

-- Кант жана өсүмдүк майлары булар дүйнөлүк биржалык товарлар. Баардык дүйнөгө таасир эте турган баалар ошол жерден такталат. Былтыртан баштап ушул эки өнүмгө баалар көтөрүлүүдө. Эксперттердин айтымы боюнча, баалар дагы көтөрүлүүсү күтүлүүдө.

Биз мурун өсүмдүк майын Россия, Украина, Казакстандан алчубуз. Пандемиядан улам Россия, Казакстан өздөрүнө запас кыла башташты. Украинанын майлары Россиянын логистикалык блокадасынан улам келбей калган. Россия, Казакстан, Украинанын ички базарларында өсүмдүк майы жана канттын баалары дагы көтөрүлүүдө. Ушул себептерден улам да баалар тынбай өсүп атат. Өсүмдүк майын биз дээрлик 95%ын жана канттын 50%ын сырттан алып келебиз. Дүйнөлүк баанын өсүшү бизге дагы түздөн-түз таасир этпей койбойт. 

-- Экономикада жакында жылыш болобу? Абалдан качан чыгабыз?

-- Бул кырдаалда эмне кылышыбыз керек? Өзүбүздүн өндүрүштү жөнгө салганга жетишишибиз шарт. Мамлекеттик программаларды кабыл алып, буларга түздөн-түз жеңилдетилген насыя, субсидия сыяктуу чараларды көрүшүбүз керек. Дүйнөлүк тенденцияларды жакындан карашыбыз зарыл. Россия, Казакстанды эң жакындан изилдөөнү колго алышыбыз шарт. Эки позицияны тең 100% жапканга жаратылышта потенциалыбыз бар. Өндүрүшчүлөрүбүз жок эмес. Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө күчтөндү. Эми ушул үч жакты бириктирсек жакшы натыйжа чыгат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер