Исаев эмнеге өлкөдөн чыгып кетти?

Акыркы күндөрү эл арасында Канат Исаев боюнча түрдүү жоромолдор жортуп жаткан кези. Жомок айтылган сыңарындай. Биз айрым жагдайларды эске алуу менен реалдуу маалымат берүүгө аракет кылмакчыбыз. Албетте, ар кайсы булактардан укканыбызды таразалап, ортого салалы.
Тилекмат Куренов БАЭден кармалгандан кийин УКМК жасоолдору Канат Исаевди издешип, Токмокко, ат сарайларына чейин барышып, таппай калышканы айтылды. Бул жерде кандай сырлар болушу мүмкүн? Божомолубузга караганда, Тилекмат Куренов колго түшкөндөн кийин Канат Исаев менен байланышта болгонун, анын кеңештерин, маалыматтарын алып турганын ачыкташы мүмкүн. Акчалай да жардамын көрүп жүргөнбү? Айтор, көпчүлүк билбеген “Барбаросс пландар” ачыкталбай турабы? Эң кызыгы, Тилекмат кармалгандан соң үй камагындагы Исаев күтүүсүздөн жок болуп кеткен. Аны Алматыда дешсе, айрымдар Батышка жеткенин, андан ары АКШда жүргөнүн да каңкуулашууда. Эмнегедир бийлик эл аралык издөө иштерин жарыялаган жок. Кутулганына сүйүндүбү?
Эске салсак, Канат Исаев үч ирет бийликти басып алууга, массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалып, саясый өңүттө айыпталып келген. Биринчи жолу 2017-жылы Атамбаевдин доорунда камалса, калган эки жолу азыркы бийликтин тушунда темир торго түшкөн эле. Анан төртүнчү жолу колго илинбей Кыргызстандан чыгып кеткени ушул болду. Жалкыбай күрөшүп келгенби? Эми чет өлкдө жатып алып кайрадан бийликке каршы иш-аракеттерин баштайбы? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити