Акыркы кабарлар
» Коом » Губернатор Аманкан Кенжебаев кантип “алкаш-кумарчы” аталды? Баракелде!
Губернатор Аманкан Кенжебаев кантип “алкаш-кумарчы” аталды? Баракелде!
15-май, 18:02


Баарыбыз көрдүк. Эл менен жолугушууга УКМКнын Оштогу район начальниги келбей койду. Башка жыйыны бар экен, тоготпогону ошол да. Мындай көрүнүшкө арданган Аманкан Кенжебаев “арызын жазып, кете берсин” деп опурулуп, катуу “дар-дар” этти. Көп өтпөй губернатор Кенжебаевди соцтармактан “тебелешип”, таза тамтыгын кетирген постторду чыгарышты. “Алкаш, кумарчы”, “жер саткыч” кылышып, жазышты го? Ар-намыс, абийирин төгүп атса да, андай фейктерге чара көрүлбөгөнү кызык бекен? Агер карапайым адам ушундай жазса, дароо кармалып, камалып кетмек. Кош стандартпы?
Кыскасы, Аманкан Кенжебаев коомчулукка “алкаш, кумарчынын” образын жаратып, эми кантип губернатор болуп иштеп отурат? Баракелде! УКМКнын бул жагынан да “укуругу” узун беле?











