Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бразилияда түгөйлөр жыныстык катнаш учурунда байкабай түз эфирге чыгып алышты

Бразилияда түгөйлөр жыныстык катнаш учурунда байкабай түз эфирге чыгып алышты

21-август, 12:09
2 123 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында түгөйлөр жыныстык катнаш учурунда байкабай түз эфирге чыгып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Zoom программасы аркылуу шаардык муниципалдык кеңеш чогулуш өткөргөн. Чогулушта коронавирус илдети учурунда мектептеги окуучулардын тамактануусу боюнча тема талкууланып жаткан. Бир убакта катышуучулардын бири видео конференциядан чыгып кеткен. Бир аз убакыттан кийин ал түгөйү менен жыныстык катнашка бара баштаган. Ал учурда камера өчүрүлбөй калган.

Онлайн жолугушууда жыныстык катнашка барган эркек шаардык кеңештин кызматкери болгон. Анын аты-жөнү айтылган эмес.

Жагымсыз окуяга карабастан, кеңештин жети мүчөсү кесипкөйлүк көрсөтүп, кызматкерди конференциядан ажыратып салып, талкууну андан ары улантышкан. Конференция төрт саатка созулган. Окуянын күнөөкөрү кандай жаза алганы белгисиз.
 

“Супер”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер