Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: «Акаев менен Бакиевди апкелүү Садыр Жапаровдун купуя сыры»

Турат Акимов: «Акаев менен Бакиевди апкелүү Садыр Жапаровдун купуя сыры»

26-декабрь, 08:53
2 967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Чоң Казат» партиясынын лидери Турат мырза саясаттагы көшөгө артындагы божомолдор боюнча ой бөлүштү.

-- Качкын президенттерди эл кечирсе өлкөгө алып келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылды. Алар буга муктажбы?

-- Муктаж. Алар балким Садыр Жапаровго тымызын кайрылышкан. Мындай ишти жалпы эл билбеши мүмкүн. Анткени алардын түз байланышка мүмкүнчүлүктөрү өтө көп. Ошондон улам Жапаров бул сөздү чыгарды жана элдин тамырын тартып көрдү. Бирок өзүн легализация кыла элек үчүн кылчактап турагандай. Бирок, Садыр Нургожоевич бул ишке кызыкдар экени так билинди.  

-- Эгер келе турган болсо, алардын алдында кандайдыр бир жоопкерчилик болушу керекпи? Же эл кечирсе баардык күнөөлөрү кечирилип калабы? 

-- Аларга кепилдикти, убаданы же жоопкерчикти бир гана Садыр Жапаров коё алат жана бере алат. Алар дагы бир гана Жапаровдун сөзүнө ишенет, башкаларга ишенбейт. Бир нерсеге көз жумуп, бир нерсесин ачымыш этип, атайын кечирим PR-долбоорун чыгарып, элди ынандырып дегендей... Мунун баары алардын жана Жапаровдун купуя сыры бойдон калат.

-- Алар келсе, алардын арты менен кандай иштер ачылышы мүмкүн? 

-- Эскилердин кайсы иши ачылат? Аны Жапаров чечет. Албетте, «общий» кызыкчыктарынын негизинде. Терс таасири (ААА, БАКС жана СНЖ) бирдей жалпы душмандарына тийиши мүмкүн. Ошондуктан алар утур-утур кеңешип турушат. Мисалы, Кумтөр боюнча. Кумтөрдө Акаевдин жана Максимдин үлүштөрү бар болуш керек. Ошондуктан бул иштер көшөгө артында болот. Бишкектен алыс жерде колдор коюлат. Мындай иштер оңой-олтоң чечилбейт, артында чоң тартуу болот. Балким, Садыр Жапаровго оффшордон же Кумтөрдөн чоң пакеттер тартууланат, азыр аны айтыш кыйын. 

-- Келсе үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары кайтса керек. Аларга мамлекеттик иштерди аркалоого тыюу салынбайт да. Анан көнгөн адаттар кармап кетпейби?

-- Садыр Жапаров менен эл кечиргенден кийин, аркы-берки сөздөргө эскилердин тукуму баш ийбейт. “Бар, Садырдан сурап ал, кыйын болсоң” дешет. Алар Жапаровго таянып алышып, эч кимге жооп бербейт. Акча эскилерде саман, “айда пошел, айтканым ошол” деп коёт…


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер