Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дилбар Ашимбаева: “Байкайсыңарбы, бизде эч ким эч качан бир нерсени мактабайт”

Дилбар Ашимбаева: “Байкайсыңарбы, бизде эч ким эч качан бир нерсени мактабайт”

15-июль, 13:23
1 784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

13-июль күнү Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына кийип бара турган Кыргызстандын курама командасынын параддык формасы талкууга алынды. “Тойго, сахнага кийүүчү кийим болуптур” деп көпчүлүк нааразычылыктарын социалдык тармактагы баракчаларына жазышууда. Мындан тышкары, “чапанга сакуранын түшүрүлгөнү ашыкча, буттарына да туура эмес бут кийим тандашкан” деп сындашууда. Ал эми кийимдерди тиккен “Дилбар” мода үйүнүн арт-директору Дилбар Ашимбаева SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

“Биздин элге бир нерсе жакчу беле? Канча жылдан бери тигип келе жатабыз, эч качан эч нерсе жакчу эмес. Качан гана чет өлкөлүктөр тарабынан жакшы пикирлер келе баштаганда, башкача реакция кыла башташат. Байкайсыңарбы, бизде эч ким эч качан бир нерсени мактабайт. Бири-бирибизди жамандап турабыз. Негатив гана айтып турушубуз керек. Биз улуттук олимпиада комитети тарабынан так техникалык тапшырма алганбыз. Улуттук колоритте жана сөзсүз сакура камтылсын деген тапшырма беришкен. Анткени Япония абдан спецификалык өлкө. Сакура – алар үчүн абдан маанилүү. Менин оюмча, парадга биздин курама команда чыгып, стадион бойлой басканда Япониянын маданиятына Кыргызстан кандай сый мамиле кыларын аталган өлкө гана түшүнөт. Костюмдун жарымы кыргыз стилинде, жарымы япон стилинде болду. Биз көнүп калган кыргыз колоритинде эмес: маралдын мүйүзү, эр жүрөктүүлүктү чагылдырган орнамент жана Япониянын назик сакурасы. Улуттук олимпиада комитети мурдагы жылдардагыдай ак чапан болсун дешкен. Анткени Бразилияда өткөн олимпиадада ак чапандар өзгөчө кабыл алынган. Анда да дал бүгүнкүдөй эч ким жакшы сөз айткан эмес. Эсимде, мындан да жаман пикирлер айтылган. Парадда кыргыздарды көргөн бүт дүйнө эли биздин баракчабызды таап, көп жакшы пикирлерин жазышкан. Бул костюмдар эстеликке калсын деп жасалат, бул биздин курама команданын салтанаттуу чыгышы. Улуттук олимпиада комитети мага өтө кеч кайрылды. Көбү бизде башка кыйын дизайнерлер бар деп жазып жатышат. Мага ошол дизайнерлерди көрсөткүлөчү? Бир жыл мурун улуттук олимпиада комитети дизайнерлер арасында сынак жарыялаганда, эч ким эч нерсе кылган жок. Алар кайрадан бизге кайрылышкан. Биз сынакка дагы, тендерге дагы катышкан эмеспиз. Эч ким жакшынакай костюмду сунуштай алган эмес. Комитеттен “бизге эч нерсе жаккан жок, баарынан баш тартып, сиздерге кайрадан кайрылып жатабыз” дешкен” деп билдирди Ашимбаева. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер