Экинчи ирет кыз төрөгөнүмдү угуп, күйөөм төрөтканага басып келген жок...
Турмуш курганыма төртүнчү жылга кетти. Бир үйдүн жалгыз уулуна турмушка чыктым. Тунубуз кыз төрөлдү. Негедир ошондо эле кайненем менен күйөөмдүн кабак-кашын байкап, бир чети кызым ыйлап, бир топ күн убайымдуу уйкусуз түндөрдү кечиргем. Кайненемдин да мүнөзү оорураак. Үйдө жасаган ишим жакпай калса болду, тынчтык жок. Ошентип жылдар өтүп, экинчи ирет кош бойлуу болдум. Ай-күнүм жетип, кыз төрөдүм. Бирок экинчи ирет кыз төрөгөнүм кайын журтума, күйөөмө да жакпай, төрөтканага бир басып келбей коюшту. Чалсам өчүрүп салып жатышты. Айлам куруду. Төрөтканадан ата-энем чыгарып алышты. Улуу кызыма барышса, кийими менен кошо чыгарып колдоруна карматышыптыр. Эми жакамды кармап, бир чети мындай адамдардан тез кутулганыма кубанып, кызыктай абалда күн кечирип келем.
Элнура