Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте бир күндө сегиз митинг уюштурулду

Бишкекте бир күндө сегиз митинг уюштурулду

12-ноябрь, 02:13
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте 11-ноябрда жалпы сегиз нааразылык акциясы өттү.

"Караван" соода борборунун ижарачылары кезектеги акция уюштуруп, соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алууну талап кылышты.

Гепатитке чалдыккандар дары-дармектин, эмдөө үчүн вакцинанын кымбаттыгын чечип берүү, гемодиализ алгандар өз маселелерин чечүү тууралуу талаптар менен саламаттык сактоо министрлигинин алдына чыгышты.

“Түндүкэлектр” ишканасынын бир топ кызматкерлери кайрадан өкмөт үйүнүн алдына чыгып, мурдагы жетекчини кайра кызматка дайындоону, “Кыргызпочтасы” мекемесинин 20дан ашык өкүлү айлык акыны жогорулатууну талап кылышты.   

Бир нече жаран “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчисине каршы акция өткөрүшсө, “Акнет” компаниясынын бир катар кызматкерлери ишкананын камактагы негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновго карата нааразылык билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлиги нааразы тараптын өкүлдөрү менен жолугушуп, гемодиализ алгандар менен гепатитке чалдыккандар көтөрүп чыккан маселелер карала турганын билдирди.

Мындан тышкары, өкмөт үйүнүн алдында «Айымдар кыймылы» деп аталган коомдук бирикмеге мүчө төрт аялдын Кыргызстандагы саясый окуяларга каршылык акциясы уланууда.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер