Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Казиного “задний проходдон” кирип кетишет, 6 миллион адамды эч ким көзөмөлдөй албайт”

“Казиного “задний проходдон” кирип кетишет, 6 миллион адамды эч ким көзөмөлдөй албайт”

01-июль, 21:53
344 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казинонун ачылышы тууралуу мыйзамды ЖК депутаттары колдоп бергени талкууга алынып, калың элди кайгыга салды. Шайлоочуларынын эмес, бийликтин каалоосун аткарган эл өкүлдөрүнө көпчүлүк нааразы. Казинонун ачылышына каршыбызбы? Мындан аркысын убакыт көрсөтөөр...

Эрлан Бекчоро уулу, жарандык активист:

-- 2021-жылдын 11-апрелинен бери парламентаризмдин тамыры соолуган. Азыркы парламенттен радикалдуу эч нерсе күтпөш керек. Конституция боюнча VII чакырылыштын ыйгарым укуктары VI чакырылышка караганда бир топ кыскарган. Тилекке каршы, сапаты дагы төмөн. Азыркы парламенттен чоң нерсе үмүт кылууга дагы болбойт. Мыйзамды кабыл алып жатканда Акылбек Жапаров билдиргендей, президент бул мыйзамды өзү колдойт экен. Камчыбек Ташиев депуттарды бирден көз салып турганда, алар кантип каршы турушат? Шайлоочуларынын каалоосун эмес, бийликтин кумарын аткарып беришти.

Нурсултан Кубанов, “Перспектив” билим берүү борборунун негиздөөчүсү:

-- Чынында мамлекет акча каражатына абдан муктаж, бирок “казино ачып, бюджетти толуктайбыз” деген таптакыр туура эмес. Мени айтты-айтпады дебегиле, бирок миңдеген үй-бүлөлөр бузулат, өз өмүрүн кыйгандар дагы көп болот. “Казинодон оңой акча табам” деп көптөгөн билимсиз адамдар ойнойт, өткөндө бир депутат айткандай, “задний проходдон” кирип кетишет, 6 миллион адамды эч ким көзөмөлдөй албайт. 

Андан көрө, келгиле, адам ресурсуна басым жасайлы, IT-секторун өнүктүрөлү, хабдарды ачалы, туризм багытында долбоорлорду кылалы, адамдарды кумарканага түртпөй, алардын билимине эле кам көрөлүчү, 10 жылда казиносуз эле өнүгүп кетебиз. 

Мен дагы убагында татыктуу билим алган үчүн азыр Кыргызстанда 100дөн ашык жумуш орун түзүп, жакшынакай эле иштеп жүрөбүз. 1000ден ашык балдарга жол ачып, келечектеги кадрларды даярдап жатабыз.  

Медербек Саидов, жарандык активист:

-- Казинодон башка тармактардан деле миллиондогон киреше тапса болмок негизи. Мисалы, мээни иштете турган IT-парк, жашыл экономика, креативдүү экономика дегендерден тапсак деле болчудай. Мейли казино ачсын, аны деле көрөлү, бирок кыргыздан амал качып кутулбайт, сөзсүз ойнойбуз биз дагы. Акылбек Үсөнбекович айткандай, бизде мыйзам иштебейт, баары коррупция аркылуу ишке ашат. Эртең баары көзөмөлдөн чыкса ким жооп берет? Мыйзамды кабыл алган жана добуш берген депутаттарбы же мыйзамды кыйнап кабыл алдырган өкмөтпү?.. Бул иштин аягына жооп бере турган дагы бирөө сөзсүз болот (!) деген үмүтүбүз бар.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер