Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдүн денесин кармалап жаткан аялды элестетип, кызганып жатам...

Күйөөмдүн денесин кармалап жаткан аялды элестетип, кызганып жатам...

25-август, 12:41
1 327 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм жакында эле телефонунан массаж  жасаган келинге жазыптыр. Кокусунан телефонун кармалап жатып көрүп калдым. Жумуштан кийин массажга барып, кеч келип, көңүлү көтөрүлүп жүрөт. Бөлөк эле жаш келинге денесин кармалатып массаж жасатканын элестетип алып, кызганычтан айламды таппай жүрөм. Өзүм болсо жакында эле көз жарып, эми акырындап өзүмө келип жатам. Өзүмө кам көрүүгө, сулуу көрүнүүгө аракеттенип эле жатам, бирок күйөөм массаж жасатканы барган сайын көңүлү көтөрүлүп жүргөнү мени кыжырлантат. Үйдө күтүп, тамагын жасап, кирин жууп, балдарын багып зарыгып күтүп отурган аялы көрүнбөй эле, көчөдөн жылмайып койгон сулууну көрсө өздөрүн жоготуп койгон эркектер ай!  Бир нерсе десем, “сени жакшы көргөн үчүн жашап жатам” деп алдап коймою бар. 

Гулиза
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер