Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамир Осмонов: “Органдары трансплантация болгондорго, жүрөк оорусу бар адамдарга да вакцина сунушталат”

Дамир Осмонов: “Органдары трансплантация болгондорго, жүрөк оорусу бар адамдарга да вакцина сунушталат”

30-июль, 19:39
2 403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Бикард» кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери менен маек.

-- Жүрөк оорулары бар адамдар, инфаркт болгондор вакцина алууга мүмкүнбү? 

-- Европалык, америкалык ассоциациялары жүрөк кан тамыр менен ооруган адамдарга вакцинаны сунуштайт. Коркунуч жок экенин айтып, тескерисинче, бул ооруну азайтуунун жолу катары көрүп келишет. Вакцинанын негизги максаты – бир оорунун жайылышын азайтуу, дартты жеңилдетиш же адамды, чөйрөнү, бир туугандарын жугуштуу оорулардан сактоо үчүн жасалган нерсе. Вакцина боюнча азыр бир канча суроолор жаралып жатат. Мисалы, вакцина алууда жүрөк кан тамыр оорулары бар адамдарга коркунучу барбы (?) деген суроо жаралууда. Негизинен вакцина ушундай категориядагы адамдарга көбүрөөк сунушталууда. Тескерисинче, вакцина жасалса жүрөк кан тамырлары ооруларына чалдыккандарга оорунун оордугу азаят. Экинчиден, жүз пайыз коргобосо да дартка чалдыгып калса жеңилирээк өтөт. Вакцина алганда жүрөк кан тамыр оорулары бар адамдар дары ичип жатса, ошол дарылар менен терс таасир же дарылар менен реакция болуп кетеби (?) деген суроолор туулушу мүмкүн. Андай реакциялар болбойт. Жүрөк оорулары бар адамдар дарыларын ичип жаткан учурда деле вакцина алып, андан ары деле дарысын ичүүнү уланта берсе болот. 

Бул вакцинанын жүрөк кан тамыр оорулары барларга пайдасы көбүрөөкпү же зыяны көбүрөөкпү? Ушул өңүттө таразалап көргөндө, вакцина албай, ковид менен ооруп калгандарга караганда, алгандарга кыйла пайдасы жогору.

-- Тубаса жүрөк кан тамыр оорулары болгон жаш балдарга вакцина сайылган учурлар барбы?

-- Вакцина алгандар арасында мындай абал учурай элек. Маалымат азыраак. Бул ачык кала турган суроо. Жаш балдарда ковид жеңилирээк өткөндүгүнө байланыштуу аларга “сөзсүз вакцина алсын” деген сунуш кире элек. 

-- Кайсы вакцина таасирдүү?

-- Негизи уруксат берилип, “алынсын” деген вакциналардын баарын эле ала берсе болот. Бири-биринен таасири азыраак, кээси жакшыраак болушу мүмкүн, бирок “сөзсүз түрдө сиз бул вакцинаны алыңыз” деген категорияга бөлүнгөн группа жок.

-- Вакцина алгандан кийин канчалык убакыт коргоп бере алат?

-- Вирустун мутациясы, буларга каршы биздин антителабыз канча убакытка чейин вакцинадан кийин кармалып турары азыр толук изилдене элек. Ошондуктан үмүт кылып айта алабыз. Эмделгенден кийин бир канча жыл вакцина албай жүрө алабыз. Вакцинанын таасири антителанын, анан вирустун канчалык деңгээлде мутацияга баргандыгына байланыштуу. Канчалык вирус тез мутация болсо, бизде антитела жок болсо, анда тезинен кайра вакцина алууга туура келет. Тескерисинче, мутация канчалык жайыраак, вируска каршы антитела көбүрөөк болсо, вакцинанын таасири узакка сакталат. 

“Иммунитетти түшүргөн дарыларды ичип жүргөн адамдар, мисалы, бөйрөк ж.б. органдары трансплантация болгондорго вакцина кооптуу эмеспи?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул вакцина тирүү вирусту организмге киргизбейт. Генетикалык формасын, бир үзүндүсүн, бир бөлүгүн организмге киргизгендиги үчүн иммунитетти түшүргөн дарыларды ичкен адамдарга да вакцина кооптуу катары саналбайт. Тескерисинче, ковиддин өзү менен ооруу чоң кооптуулук жараткандыгы үчүн вакцина сунушталат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер