Акыркы кабарлар
» Коом » 222 киши вирус жугузуп, төрт бейтап көз жумду
222 киши вирус жугузуп, төрт бейтап көз жумду
08-апрель, 13:29


Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 111 адам сакайып, 222 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 183;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 24;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 1.
Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 89 660ка жетти. Анын ичинен 85 607 адам дартты жеңген.











