Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Сүйүн Өмүрзаков оңго-солго чайпалбай, түз келатат

Депутат Сүйүн Өмүрзаков оңго-солго чайпалбай, түз келатат

16-август, 14:07
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков көп коллегаларынан айырмаланып турат экен. Албетте, алкоого аларлык, жакшы жагынан. Бекем кайратын, позициясын байкадык. Жазында Акүйгө автоматтар ташылып келгенде каршы сөзүн айтып, ачык пикирин билдирсе, дагы бир жолу кесиптеши Өмүрбек Бакировдун кабинетине тинтүү болгондо, эл аралык коомчулукка уят болуп атканыбызды баса белгилеген эле. Көпчүлүк депутаттар Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесинде добуш беришип, дүргүп алышты. А Сүйүн Өмүрзаков андай сүрмө топко кошулган эмес. Кемпир-Абад ишине да аралашпай, өзүн таза сактаганы, добуш бербей койгону эмнени билдирет? Саясатта кыраакылыгы, алысты көрө билгени да. Айтор, талаштуу көп жагдайларда каарманыбыз өзүн таза сактап, айтчу сөзүн тайманбай билдирип, чыныгы эл өкүлү катары көрүнүүдө. Оңго-солго чайпалган жок, түз келатат. Ал эми мыйзамдарды иштеп чыгуу, элдин жүгүн көтөрүү жагынан да камчы салдырбайт. Бул жагы өзүнчө көп сөз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер