Марс Сариев: “Евросоюз, АКШ, Россия – баары президентти колдоп жатышат”
-- Сиздин саясый божомолдоруңуз дал келип калууда. Жакынкы күндөргө кандай сереп салуудасыз?
-- Садыр Жапаровду легитимдүү кылуу үчүн ЖК депутаттары чогулушту. Депутаттар президент берген сунушту колдоп, Садыр Жапаровду легитимдүү кылып коюшту. Аны коюшпаса, кайрадан чатактын баары башталмак. Эми абал тынчыйт. Президент өзү статусу боюнча кала берет. Евросоюз, АКШ, Россия – баары президентти колдоп жатышат. Азыркы парламенттин убактысы бүтөт. Жаңы парламенттик шайлоого даярдыкты башташ керек.
-- Шайлоо боюнча ойлор эки ача. Шайлоо босогосун 3%га түшүрүү же бир мандаттуулукту киргизүү тууралуу демилгеге кандай ойдосуз?
-- Садыр Жапаров бир мандаттуулукту эрте айтып, туура эмес кылды. Муну жылдап талкуулаш керек. Калк колдойбу-колдобойбу, бул өтө чоң маселе. Учурда эми чатактан тезирээк чыгып, экономиканы оңдош керек. Алдыда дагы көп талкуулар күтүлөт.
-- Экономикабыз кантет?..
-- Экономика боюнча Садыр Жапаров программасын сунуштап жатат. Ошону колдош керек. Өтө билимдүү менеджерлерди командасына алып, күн-түндөп иштебесе, абал оор. Эң биринчи укуктук талаага тез кайтышыбыз шарт. Себеби, төңкөрүш болгон күндөрү бир жума ичинде 8 млрд. сомдой чыгымга учурадык. Пандемия да чоң кризиске кептеди. Азырынча легитимдүүлүк орномоюнча, сырттан кредиттер, каражаттар келбейт. Мурдагыдай эмес, өзгөчө ишбилгилик керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити