Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташкул Керексизовго мамлекеттик сыйлык ыйгаруу зарыл

Ташкул Керексизовго мамлекеттик сыйлык ыйгаруу зарыл

08-август, 19:57
842 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий комплексинде эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтүп келет. Жүз миңдеген эс алуучулар, туристтер агылып келишип, дал ушул жерден руханий азык алышары да белгилүү. Мындайча айтканда, Ысык-Көлдөгү көзгө басар жерибиз экени талашсыз. 

Убагында “Рух Ордону” коомдук ишмер Ташкул Керексизов куруп, элибизге тартуу эткен. Тилекке каршы, анын эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай келет. Баса, мурдагы бийликтер тушунда “Аалам Ордону” курууга Ташкул аке киришип, бирок каржылык колдоонун жетишсиздигинен токтоп калган. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, учурунда даанышман агабызга бийликтегилер артын салышып, көңүл бурбай коюшканы да чындык. Эгерде Ташкул Керексизовдун чыгармачылыгын, жаратмандыгын убагында пайдаланып калганыбызда, “Аалам Ордо” ажайып керемет жайга айланып, дүйнө назарын бурдурмак эле. Ошентип, маркум агабыздын баркына тирүү кезинде жете албадык.

Бүгүнкү күндө “Рух Ордо” көл кылаасындагы эң көрүнүктүү жайга айланып, сырттан келген конокторду кучагына тартып турганы ырас. Дал ушунун урматына деле Ташкул Керексизовго мамлекеттик жогорку сыйлык ыйгарып, арбагына таазим кылып койсок жарашмак. Эртеби-кечпи, бул саамалык иш жүзүнө ашмакчы. Андыктан, аракеттеги бийликке кулак кагыш!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер