Презденттин автогаражындагы чатактын арты өлүмгө айланды, ким жооп берет?
Будуң-чаң, башаламан коом болдук. Ар бир күнү жүрөк ооруткан окуялардын кайталанганы кайталанган. Алсыз катмарга болгон кордук, зомбулук, коркутуп-үркүтүү, эң эле болбоду дегенде көңүлүн, жүрөгүн ооруткан көрүнүштөр коомдо арбыды. Мындай коркутуу, жүрөккө тийген сөздөрдүн аягы өлүм менен аяктаган окуялар да жок эмес.
Өмүр бою айдоочулук кесипти аркалап, "Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармасынын алдындагы автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемесинде 15 жылдай эмгектенген Алмаз Сопубеков кечээ жакында дүйнө салды. Кесиптештеринин айтымында, кечээ эле презденттин автогаражынын айдоочусу болуп бейкапар эмгектенип жүргөн Сопубеков Алмазды эртең арабыздан кетип калат (!) деп эч ким ойлогон эмес.
Пенсиялык куракка барып калган адамды аталган ишкананын директорунун орун басары Болотбеков Абзел иштен кетирерин айтып, коркутуп опузалаган. Мындай опузалоо менен эмес, сый-урмат менен деле пенсияга узатса, балким, мындай окуя болуп кетпейт эле. Жетекчисинин опузалоосун оор кабыл алган пенсионер көпкө узабай, күтүүсүздөн жүрөк оорусу кармап, дүйнө салган. Пенсияга чыккандан кийин эле коомго кереги жок адамга айландырбай, карыларыбыздын жүрөгүн оорутпай, сый-урмат менен узатууну качан үйрөнөбүз? Бул өлүмгө эми ким жооп берет? Балким, айрым жетекчилерге сабак болот деген ишеничтебиз!
Дал ушул жоготууга, чийеленген ички интригага президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев эмне дейт? “Балык башынан сасыйт” дегендей, жетекчиси иштей албаса, коллективге үлгү жаратпаса, тартип, ырааттуулук жетишпесе, анан ич ара араздашуу ырбай берет да. Туурабы? Мындай шартта Каныбек Туманбаев кызматынан сыйы менен эле кетип калбаса, алдыда дагы далай жаңжалдар, жоготуулар орун алышы мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити