Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жалпы кубаттуулугу 400 мВт күн электр станциясын куруу» долбоору тууралуу

«Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жалпы кубаттуулугу 400 мВт күн электр станциясын куруу» долбоору тууралуу

10-март, 22:41
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров өлкөбүздөгү климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнинде суунун аз агып киришине жана энергияны керектөөнүн тез өсүшүндө генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен чыгаруу боюнча чукул чараларды көрүү максатында «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесине, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында, 2023-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу жашыл энергетика фондунун, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун жана кытайлык «Molin Energy Company Limited» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. 

Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин жана "Molin Energy Company Limited" («Молин Энержи Компани Лимитед») компаниясынын ортосунда “Кыргыз Республикасында жалпы кубаттуулугу 1500 мВт болгон күн электр станцияларын куруу, «Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл аймагынын Кара-Талаа участкасында жалпы кубаттуулугу 400 мВт күн электр станциясын курууну» пилоттук долбоор катары белгилөө боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. 

Кыргыз-кытай тараптарынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен биргеликте көптөгөн иштер аткарылды.

Биздин компания аукционго катышып, конкурстук комиссиянын 2023-жылдын 14-августундагы №6 протоколунун негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын Кара-Талаа участкасына күндүн нурунан электр энергиясын өндүрүүчү электр станциясын куруу үчүн №1255, 1257, контурларда жайгашкан 700,0 га муниципалдык жер тилкеси 25 (жыйырма беш) жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилген.

Сынактын жыйынтыгы менен коом жогоруда аталган жер участогун пайдалануу укугуна ижара келишимин түзүп, жер участогун пайдалануу укугуна күбөлүк алган. Ижара келишимин жана конкурстун талаптарын аткаруу үчүн ижара акысын ижара келишимине ылайык толук төлөп, алынбай калган пайданын ордун толтуруп, жер салыгын төлөп бердик.

Ошондой эле петроглифтерди физикалык жактан алып салуу боюнча ыкчам жана масштабдуу иштерди жүргүзүп, тиешелүү корутундуларды алдык, аймакка топографиялык изилдөө жүргүзүп, чек араларды аныктап, ар 100 метр сайын казыктарды орнотуп, техникалык шарттарды, архитектура жана шаар куруу тапшырмасын, шаар куруу корутундусун алдык, аба линиясынын трассасы аныкталды, аба чубалгыларынын астындагы жер тилкелерин пайдалануу укугуна күбөлүктөрү алынды, техникалык-экономикалык негиздеме түзүлдү. Учурда курулуш башталганга чейин экспертизага берүү үчүн деталдык долбоорду жана башка документтерди даярдоо боюнча жыйынтыктоочу иштер жүргүзүлүүдө.

Алдыдагы күн электр станциясын куруу боюнча иштердин алкагында биздин компания алгачкы 100 мВт үчүн күн батареяларына алдын ала заказ берген. Жумшалган каражаттардын жалпы көлөмү ондогон миллион сомго барабар, ал эми пландаштырылган инвестициянын көлөмү 500 000 000 доллардан ашыкты түзөт.

Жакын арада өлкөнүн биринчи жетекчилеринин катышуусунда капсула салуу аземи жана ГЭСтин курулушун баштоо пландалууда.

 

Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер