Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдувахаб Мониев, публицист: “Эгер кайталанса, ал кокустук эмес, оору”

Абдувахаб Мониев, публицист: “Эгер кайталанса, ал кокустук эмес, оору”

23-февраль, 13:34
1 381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдувахаб ага, АКШнын Кыргызстанды Африканын эң артта калган мамлекеттеринин катарында визалык жана миграциялк чектөөлөр боюнча “кара тизмеге” киргизгендиги боюнча ар кандай ойлор айтылууда. Борбор Азиядагы эң демократиялуу мамлекет болгон, парламенттик башкарууну тандап алган биздин өлкөгө дүйнөдөгү демократиянын таянычы болгон империя неге тетири көзү менен карап жатат?

-- Эл аралык мамилелерде мындай иштердин ачык да, жабык да себептери болот. Биометрикалык паспортторду берүүнү кечеңдеткендикке, терроризм, коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды бөлүшпөй койгондукка шылтап, ачык тарабын АКШ бийлиги расмий билдирди. Албетте, анысы дагы негиздүү: жөнөкөй жарандык паспорт деле бизде чоң проблема, аягына чыкпаган чуу. Ал эми   жабык жагы дүйнөдө кайра жанданган геосаясый атаандаштыкка байланган. АКШ Кыргыз Республикасынын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган эле. Анан Кыргыз мамлекети Россиянын таасиринен чыгып, эркин, демократиялык өлкө катары калыптанып, дүйнөгө бир кылка демократиялык тартип орноткусу келген Американын гегемондугу үчүн үлгүлүү өлкө болот деп үмүт арткан. Ошол максатта канчалык жардам бергенине карабай, Кыргызстан эркин, демократиялык мамлекет катары калыптана албады. А акыркы кездери өз алдынча саясаты жок, жөн гана Россиянын кол баласы сыяктуу акыбалга кептелди. ЕАЭБге кирүү ж.б. кадамдар аркылуу бул көз карандылык барган сайын тереңдеп атат. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Россияга Кыргызстанчалык көз каранды бир да мамлекет жок. Азыр өлкөбүз Москванын макулдугусуз өз алдынча тышкы саясат жүргүзө албайт. Алтургай ички саясый иштери да Кремлдин көзөмөлүндө. Экономикалык-социалдык маселелерди болсо АКШнын дагы бир атаандашы Кытайсыз жайгара албай калдык. А акыркы кездери дүйнөдө АКШ менен РФнын геосаясый атаандаштыгынын жаңы этабы башталды. А Борбор Азия мамлекеттери андан сыртта калбайт.   

-- Демек, АКШнын бизге сыртын салышына Кыргызстандын мамлекеттер аралык келишимден өз бетинче чыкканы,  Ганси аскер-аба базасынын Кыргызстандан чыгарылышы дагы түрткү болсо керек. Американын Ганси авиабазасынын чыгарылышы боюнча оюңуз кандай?

-- Эгерде түпкүлүктүү мамлекеттик кызыкчылыкты көңүлгө алсак, АКШнын авиабазасынын турушу биз үчүн экономикалык жагынан да, саясый жагынан да пайдалуу болчу. Ижарага төлөмөр болгон акчасынан да баалуусу (акчаны биздин чоңдор жөн эле бөлүп жеп алат деп атышпайбы),  идиректүү балдарбызды АКШнын алдыңкы университеттеринен окутууну сунуштап, макулдашсак деле утуш алмакпыз.  Бирок, Кыргызстанда экономикалык да, саясый да кризис тереңдеп, ички саясый күчтөрдүн ыйкы-тыйкылары күчөп кеткенде, саясый элитабыз четтен жардам сурап, ички проблеманы орустардын күчү менен жайгарууну оң көрдү. Мамлекет тагдырына тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө ошентип өзүбүз шарт түздүк. Азыр эми Кыргызстан Россиянын сателлитине айланды. Американын Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизүүсүнө мына ушул жагдай, анын ичинде Ганси да сөзсүз түрткү болду.

-- Бирок, коомдук пикир, элдин маанайы менен эсептеше турган болсок, бизде чындыгында эле Америкага каршы маанай күчтүү. Көпчүлүк Россияга жан тартат. 

 -- Анткени, кыргыз дагы деле дүйнөгө өз көзү менен карай албайт. Россиянын көзү менен карайт. Россиянын телесин көрөбүз. ММКсынан маалымат алабыз. Алтургай өзүбүздөн чыккан “Дело №...” сындуу гезиттер ачык эле Кремлдин саясатын жүргүзөт. Анан “чоң үйдөгү жылмайса, кичи үйдөгү ырсаят” болуп, өз алдынча ойлонуп, талдап, чечим чыгарууга көнбөгөн кыргыздар үйүндө жатып алып эле Американы сөгөт да. Дегинкиси, Африканын артта калган мамлекеттеринин катарына кошуп чыгарган акыркы чечими менен Америка биздин ордубуз каерде экендигин көрсөтүп койду. Бир жагы бул сабак: “эки миң-үч миң жылдык мамлекеттүүлүк тарыхыбыз бар, дүйнөдө теңдеши жок улуу элбиз” деп көкүрөк муштап, барабан кагып бапыраган кыргыз интеллигенттери үчүн да, мурдунун учунан аркыны көрө албаган бийлиги үчүн да. 

-- Менимче, Кыргызстандын мындай начар акыбалга кептелишине эң негизги себеп – дээрлик отуз жылдык эгемендик мезгилинде мамлекет башына түзүгүрөөк адамдын – чыныгы лидердин келбегендиги,  бийликте турган адамдарынын деңгээлинин начардыгы. Ушундан улам ойлойсуң, деги  канткенде бийлик башына татыктуу, мыкты адамдар келет?

-- Ооба, көпчүлүк кыргыздар ушинтип ойлойт. Айыптын баарын бийликке шылтайт. Калың караламан быякта турсун, билимдүү, акылдуу деген “жакшыларыбыз” (улуттук интеллигенция өкүлдөрү) дагы “кыргыздын бешенесине бир түзүк падыша келбей атат да” деп наалыйт. Мыкты бирөө президент болуп калса эле өлкө шыр өнүгүп кете тургандай кыялда жүрөт... Ушундан улам эске түшөт, мен 2003-жылы “Агым гезитиндеги бир макаламда “Мамлекеттин өчүшү же өнүгүшү үчүн мамлекеттик бийликтин кандайча куралышы 15-20 пайыз гана таасир этип, роль ойноорун, ал эми калган 80-85 пайыздык таасир жалпы калктын ички потенциалына жараша болорун дүйнөлүк тарых далай тастыктаган. Демек, бүгүн-эртең мамбийлик алмашып, Аскар Акаевичтин ордуна андан он эсе мыкты, он эсе кыйын кыргыз отуруп калса, бүрсүгүнү кескин өзгөрүү болуп, бечел калган өлкө бутуна туруп чуркап кетпеси анык” деп жазган элем (“Агым”, 2003-жыл, 25-апрель). Агезде Акаев президент болчу. Андан бери канчасы алмашты. Эки жолу төңкөрүш болду. Кана өнүгүп кеткенибиз? Демек, азыркы кыргыз коомунан мыкты лидер суурулуп чыгышы кыйын. Жазып-тайып чыгып калса, аны таптап, сүрөп, марага жеткирер коомчулук деле жок.

-- Дүйнөлүк тарыхты карасак, төңкөрүш менен бийлик алмаштыруу коомго көп деле жакшылык алып келбейт экен. Андай шартта кокустук арбын болот, кокустан ар кандай шылуундар бийликке келип калышы мүмкүн да... Бизде ошондой болгон жокпу?

-- Кокустук дегенде эми... Акаев менен Бакиев качып кетти. Атамбаев түрмөдө отурат. Отунбаева убактылуу президент болгону үчүн гана сак калды окшойт. Азыр бешинчи президент Жээнбековду деле жакалап атабыз... Неткен менен, бул кишинин бийлигинин тушунда деле өлкөдө сезилерлик жылыш болбойт. Анан аны да жамандап жатып калабыз. Эми журт башына бир жолу “жаман” падыша келип калса, аны “кокустук” деп койсо болот. Макул, экинчисин да “кокустук” деп коёлу. “Чапкан сайын көз чыкпайт” дейт, “кокустук” үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы болуп, катары менен кайра-кайра кайталана бербейт да?!. Эгер кайталанса, ал кокустук эмес, тамыры терең өнөкөт оору. 

-- Кандай өнөкөт оору?

-- Айтылуу көсөм Салижан Жигитов айткан итий оорусу, же жетиле электик өнөкөтү. Бийлик адамдары асмандан түшкөн жок. Эл ичинен чыгып атат. Алтургай демократия деп, ошол көпчүлүк тандап, шайлап атат. “Эшегине жараша тушагы”, же болбосо, “эришине жараша аркагы” дейт, эл кандай болсо, журт кандай болсо, журт башына келген адамдар ошондой эле болот. Мындан чыкты, кечээ эле уруу-уруу болуп чабышкан, ууруларын “баатыр” деп урматтаган, тарыхый өнүгүштөн жедеп артта калып кеткен кыргыз эли мамлекетке ээлик этер, кадыресе коом курар деңгээлге өсүп жетиле элек окшойт. Улут дээрине  мамлекеттик көз караш, мамлекеттик инстинкт сиңип кетпеген көрүнөт. Мына ошондуктан, кыргыз коому дапдаяр мамлекетке кадыресе ээлик этип, асыроого, а кыргыз элитасы мамлекетти кадыресе башкарууга дарамети жетпей жатат.  Табият мыйзамы ушундай эмеспи, күн өткөн сайын аң-сезимибиз аз-аздан өсүп, анча-мынча сапаттык жылыш болуп, мамлекет тороло башташы керек эле.  А бизде тескерисинче. Барган сайын мамлекеттик саясаттын куну учуп атат. Мамлекет башкарууга тартылган кадрларыбыздын деңгээли адеп начарлап, кадр тандоонун критерийлери улам ылдыйлоодо. Ушундан улам айтылуу Жакыпованын кыйла жыл мурда бир айтканы эске түшөт.

-- Кайсы Жакыпова?  Кыргызстандын билим берүү тармагында өтө чоң өзгөрүүлөрдү жасап, ЖОЖдордогу паракорлукту кан буугандай токтоткон реформатор билим министри Чынара Жакыповабы?

-- Ошол, “ырысын көтөрө албай” (анын министрликтен кетирилишин президент Акаев ушинтип “түшүндүрүптүр” деген кеп чыккан эле) кызматтан алынган интеллектуал Чынара Жакыпова. Жаңылбасам, 1996-жыл болушу керек, бу кезде “Кыргызстан-Сорос” фондусун башкарып аткан Жакыпова “Асаба” гезитине “Кыргызская политика слишком смешная вещь, чтобы к ней относиться серьезно” деген аталыштагы интервьюсу чыккан. Анда Чынара Жакыпова журналисттин “сиз кайра саясатка кайтып келесизби?” деген маанидеги суроосуна дал ушинтип жооп берген. Канткен менен билимдүү, абийирдүү, интеллектуал инсан да, ал ошондо эле кыргыз коому, бийлиги кай жолойго түшкөнүн сезип, өзүн оолактата баштаган көрүнөт...

-- Чындыгында эле Чынара Жакыпова ошондон кийин саясатка таптакыр аралашкан жок. Мамлекеттик кызматка да барбады, оппозицияга да кошулбады. Акыркы кездери кыргыз саясый элитасында Чынара Жакыпова өңдүү билимдүү адамдар жок. Бүгүн Рыспаевге, Камчыбековго окшогон базардан барган адамдар Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мамлекеттик саясатты аныктап, эл тагдырын чечип калды...

-- Рыспаев трибунада туруп, “биз деген Кыргызстандын элиталарыбыз” деп койсо, көпчүлүк “и, ушулар элита имиш” деп мурдун чүйрүп, ага асылып жатып калбадыбы. Ой, ага эмнеге чычалайбыз? Депутат болгону жылаңач чындыкты – фактыны гана жарыя айтты. Биз парламенттик республикабыз. Маанилүү мамлекеттик маселелерди азыр Рыспаев катарлуу парламантарийлер талкуулайт, чечет. Туурабы? Дегинкиси, Кыргызстандын кадр потенциалы жыл өткөн сайын жардыланууда. “Үй-бүлөчүлдүгүнө” карап тандалгандыгына карабай, Акаев доорундагы жетекчи кадрлардын деңгээли азыркыдан кыйла жогору болчу. Мисалга, “эл шайлаган” делген парламентти алалы, агездеги спикер Абдыганы Эркебаев менен азыркы спикер   Жумабековдун деңгээлин салыштырууга мүмкүн эмес да, туурабы? Болбосо, парламентти түзгөн 5-6 партиянын фракция лидерлерин кара. Ушундан эле жалпы акыбалыбыз айгине болуп турбайбы... Жетекчиликке тандоонун критерийлери жыл өткөн сайын төмөндөп отуруп, Атамбаевдин убагына келгенде дегеле акылга сыйгыс деңгээлге жетти. Азыр ошол нукта баратат. Эми мамлекет болгондон кийин башка мамлекеттер менен алака кылып, маселе чечиш керек. Анан ошондой учурда “биздин чоңдор, министрлер алар менен кантип сүйлөшөт?” деп кыжалат болосуң. Кыргыз чоңдорунун билимсиздиги, түркөйлүгү “а” деп кеп баштаганда эле билинип калат да. Сырын билип алган соң алар биздикилер менен теңата сүйлөшмөк беле? Оңой эле алдап жолго салбайбы...


(Уландысы бар)


Элдияр Сулайманов

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер