Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек-Ош багытындагы “Тез жет” авиакомпаниясы качан оңолот?

Бишкек-Ош багытындагы “Тез жет” авиакомпаниясы качан оңолот?

13-май, 19:08
514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы учурда өлкөбүздө коррупцияга, мафияга, кыңыр иштерге, тартипсиздикке каршы күрөш күч алып, кырдаал аста-секин оңолуп келе жатыры. Муну мамлекетибиздеги бир топ маанилүү тармактардан байкайбыз. Бирок негедир авиакаттамдарда абал талаптагыдай эмес. Биз ар кандай кырдаалдардан улам Бишкек–Ош багытындагы “Тез жет” деген авиакомпаниянын 5-май күнкү эртең мененки саат сегиздеги К-9131 рейсине алдын ала билеттерди сатып алып, бирөөбүз батага, экинчибиз той-топурга, үчүнчүбүз дарыланганы жана жолугушууга дегендей, ар кандай шашылыш чараларга үлгүрүп калууга ниеттенген элек. Бирок, таңкы саат алтыда билеттерди каттоого алып келсек, бизди таңдантышып, “самолетуңар эбак учуп кеткен” деп күйдүрүшсө болобу! Көрсө, “тез” эмес “кеч” жеткирүү компаниясынын шылуундары, алдар көсөөлөрү, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илишкен, дүнүйөнүн гана артынан түшүшкөн кыздар жана балдар отуздай жүргүнчүлөрдү “же үйдөн жок, же Чүйдөн жок” дегендей, cебепсиз көчөдө калтырышты. Биз такси жалдап аэропортко келгенде саат алтыда “Кеч жеттин” самолету Ошко шуулдаган бойдон барып конуп калыптыр. Компаниянын өкүлү бизден ныпым кечирип сурап койгон жок. Арабызда улгайган аталар, апалар, жаш балалуу жана оорукчан аялдар толтура болчу. 

Шуулдаган арыкчырай бир жигит саат жетидеги рейске бир аксакалды чыгарды. Калгандары Жалал-Абад, Баткен шаарларына дагы акча төлөп жөнөп кетишти. Төшүндө “Манас” аэропортунун көрнөктөрү бар кызматкерлер жең ичинен тааныштарын же акча таштагандарды астыртан узатып жатышты. Маданияттуу тейлөө, иреттүүлүк, тартип деген таптакыр жок. “Жашыл шаар” аталган ордо калаабыздын аба дарбазасында ушундай болуп жатса, аймактардагы кичи аэропорттогуларга Кудай берди дей бериңиз! Эң башкысы, билет алгандардын каттам убактысын эртелеп кеткенин алдын ала эскертип телефон чалып коюшпаганы же СМС билдирүү жөнөтүшпөгөнү абдан өкүнүчтүү болуп калды. Тийиштүү органдар мындай мамлекетибиздин беделин түшүргөн көрүнүштөрдү иликтеп, тартип бузгандарды жоопко тартышса жакшы болор эле. Деги эле “Тез жет” деген авиакомпания нечен жолу сындалса да чара көрүлбөй жатканына таңкаласын. Мындай компанияларга Кыргызстандын аба мейкиндигинен жол берилбеши керек!


Хамидова Обида, Мухамедова Камила, Кузиева Барчынай, Мамажанов Азатбек, Эсенбаева Жанара, Жажанов Адылжан, Токтоматова Айгүл, Абдукадырова Хадича жана башка жүргүнчүлөр. 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер